"Хезболла" Израилдин базасына дрондор менен чабуул коюп, төрт жоокер өлдү

Сүрөттүн булагы, AFP
Израилдин түндүгүндөгү аскердик базага урулган дрондордун соккусунан төрт жоокер курман болуп, алтымыштан ашуун киши жаракат алды. Бул тууралуу аскер кызматкерлери билдирди.
Израил Коргонуу армиясынын билдиргенине караганда, Хайфанын түштүгүндөгү Биньямин-Гиват-Ада конушундагы базага урулган соккудан улам 7 аскер кызматкери оор жаракат алды.
Маген Давид Адом (MDA) медициналык кызматы буга чейин чабуулдан 61 киши жараткат алганын билдирген. Алардын 37си тез жардам унаасы жана тик учактар менен ар кайсы ооруканаларга жеткирилген.
Ливандагы "Хезболла" бул чабуулдун уюштуруучусу экенин тастыктады. Топтун маалымат кызматы, бул соккулар Израилдин өткөн бейшемби күнү Ливандын түштүгүнө жана Бейрутка жасаган чабуулдарына жооп экенин билдирди.
Топтун билдиргенине караганда, базага учкучсуз учактар жапырт сокку урган.
Окуя болгон жерде тартылган кадарларга караганда, чабуул болгон учурда аскер кызматкерлери ашканада болгон. Коомдук сайттарга тараган сүрөттөрдө бош калган ашкана жана ашкананын чатырындагы тешик көрүнүп турат.
Times of Israel басылмасы иликтөөнүн алдын ала маалыматына шилтеме берип, "Хезболла" Mirsad деп аталган эки дронду Жер Ортолук деңизи тараптан коё бергенин жазды.
Израилдик Alma Research изилдөө борборунун маалыматтары боюнча, сөз болуп жаткан дрондор "40 килограмга чейинки жарылуучу заттарды 3 км бийиктикке чейин көтөрүп, саатына 370 километрге чейин учуп, 120 километр радиустагы буталарды кыйрата алат".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Басылма эки дрон тең израилдик радардлар менен байкоого алынып, бирөө Хайфанын түндүк жээгинде атып түшүрүлүп, бирок экинчиси радардан жоголуп кеткен. Алар кыйраткыч дрон жерге абдан жакын учкандыктан радарга илээшпей калышы ыктымал деп жазды.
"Хезболла" эгер Израил Ливандын түштүгүндөгү чабуулдарын уланта турган болсо жаңы кол салууларды уюштура турганын айтып коркутту.
"Эгер душман биздин кең пейил элибизге агрессияны уланта турган болсо бүгүн Хайфанын түштүгүндөгү болгон кандуу окуя менен салыштырганга болбой турган жооп болорун убада кылабыз", —деген билдирүүдө.
"Хезболла" деген ким?
Ал 1980-жылдардын башында региондо үстөмдүк кылган шиит күчтөрү - Иран тарабынан Израилге каршы туруу үчүн түзүлгөн.
Ал убакта Израилдин аскери Ливандагы жарандык согуштан пайдаланып өлкөнүн түштүгүн оккупациялап алган эле.
"Хезболла" 1992-жылдан бери улуттук шайлоолорго катышып келатат жана эң таасирлүү саясий күчкө айланды.
Анын куралдуу канаты Ливандагы израилдик жана америкалык аскерлерге ажал чачкан чабуулдарды жасаган. Израил аскери 2000-жылы Ливандан кеткенде, бул жоопкерчиликти "Хезболла" өзүнө алган.
Андан бери "Хезболла" Ливандын түштүгүндө миңдеген жоокер менен ракеталык арсеналды сактап калган. Чек арага чектеш талаштуу райондордо Израилге каршы аракетин улантып келатат. Батыш өлкөлөрү, Израил, Перс булуңундагы өлкөлөр жана Араб өлкөлөрүнүн лигасы аны террордук уюм деп тааныган.
2006-жылы "Хезболла" чек арадагы кандуу рейд жүргүзүп, андан Израил экөөнүн ортосунда толук масштабдагы согуш дүрт эткен.
Израиль аскери ошондо Түштүк Ливанга басып кирип, "Хезболла" коркунучун жок кылууга аракет көргөн. Бирок "Хезболла" алсырап жатып калган жок, андан бери кайра согушкерлеринин санын көбөйтүп, жаңы курал-жарак менен камсыз болду.































