Кыргызстан тынчтык орнотуучуларын Казакстанга жөнөтөрү талкууда

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP via Getty Images
Жогорку Кеңештин 6-январдагы чукул жыйыны кворум болбой калганына байланыштуу 7-январга жылдырылган. Бүгүн эл өкүлдөрү Кыргызстандан тынчтык орнотуучу аскерлерди коңшу Казакстанга жиберип-жибербөө боюнча чечим кабыл алары күтүлүүдө.
Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу парламентте кечээ өткөн чукул жыйында 90 депутаттын 39 каттоодон өткөн. Ал эми кворум болуусу үчүн жок эле дегенде 46 эл өкүлү катышышы керек эле.
Депутаттар Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуучуларын Казакстанга жиберүү боюнча маселени карашат. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн сыртка жөнөтүү үчүн парламент депутаттарынын көпчүлүгү аны колдошу керек.
Кечээ чукул жыйын өтүп жатканда Жогорку Кеңештин алдында Кыргызстандан тынчтык орнотуучуларды коңшу өлкөгө жибербөөнү талап кылган митинг өткөн.
Президент Садыр Жапаров тынчтык орнотчууларды Казакстанда “туруктуулукту орнотконго жардам бергиле деп жөнөтүп жатабыз” деп билдирди.
7-январга карата ЖККУга мүчө өлкөлөр Орусия менен Беларустан тынчтык орнотуучулар Казакстанга барганы маалым болду.
2-январда Казакстандын батышындагы Жаңыөзөн жергесинде суюлтулган газдын кымабатташына каршы өткөн митинг тез эле өлкөнүн башка аймактарына жайылып кетти. (EA)



























