ХАМАС Израилдин тынчтыкты туткундарга алмашуу сунушун четке какты

Израил күчтөрү ХАМАСтын туннелдери табылганын билдирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израил күчтөрү ХАМАСтын туннелдери табылганын билдирди
Published

Батыштын бир катар маалымат каражаттары кабарлагандай, Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Израилдин Газадагы 40ка жакын туткунду, анын ичинде бардык аялдар менен жаш балдарды бошотуу сунушун четке какты. Израиль аларды бир жумалык ок атышпоо режимине алмаштыргысы келген.

Бир катар өлкөлөр тарабынан террордук деп табылган топтун лидери Исмаил Хания шаршемби күнү Каирде Египет бийлигинин өкүлдөрү менен ХАМАС - Израиль согушунда жаңы гуманитардык тыныгуу алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун чоо-жайы менен жакын тааныш булактар сүйлөшүү жыйынтыксыз болгонун айтат.

Египет Катар менен бирге Израил менен ХАМАСтын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө алдыңкы ортомчулардын бири болууда.

Ханиянын делегациясынын мүчөлөрү египеттик арачыларга Израил адегенде Газа секторундагы чабуулун токтотуп, потенциалдуу келишимди талкуулоодон мурда өз аскерлерин чыгарып кетүүсү керектигин айтышты, деп билдирет Wall Street Journal.

ХАМАСтын өкүлдөрүнүн айтымында, ошондой болгон күндө да, Израиль түрмөлөрүнөн бардык палестиналык туткундарды бошотсо гана ХАМАС калган барымтадагыларды кое берүүгө макул болот.

Израил үчүн мындай шарттар таптакыр кабыл алынгыс.

Каирдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү менен тааныш палестиналык жогорку даражалуу аткаминер Би-Би-Сиге билдиргенине караганда, жолугушуу “натыйжасыз аяктаган.”

Египет дагы бир гуманитардык элдешүүнү сунуштаган, бирок согушту "убактылуу токтотуу" идеясы ХАМАС делегациясы тарабынан четке кагылды, деди Би-Би-Синин булагы.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Палестиналык исламчыл топ египеттиктерге алардын позициясы өзгөрүүсүз экенин билдирди. "Ок атышууну биротоло токтотуу келишими түзүлмөйүнчө эч кандай алмашуу болбойт," - деди булак.

Өткөн айда "Нью-Йорк Таймс" гезитине маек курган ХАМАСтын жогорку даражалуу өкүлдөрү бул согуштан улам Газа элинин башына түшкөн азап-кайгы менен өлүм аларды кабатыр кылбай турганын жана алардын максаты Палестин анклавындагы жашоону жакшыртуу эмес экенин айтышкан. Алардын биринин айтымына ылайык, ХАМАСтын милдети Израилдин чек араларында согуш очогун очогун кармап туруу.

Бирок, Каирдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү менен тааныш Би-Би-Синин булагы египет бийлиги үмүтүн үзбөйт деп ишендирди: “Сүйлөшүүлөр уланат, египеттиктер жакынкы күндөрдө жылыш болушу мүмкүн деген оптимисттик көз карашта, бирок алар кырдаал татаал экенин, сүйлөшүүлөр оор жана узакка созулаарын билишет”.

Катарда жашап жаткан Хания адатта дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө прогресске жетүү мүмкүн болгондо гана ачык кийлигишет.

Ал акыркы жолу Египетке ноябрдын башында, бул согуштагы жалгыз ок атышпоо келишими түзүлөөрүнө бир нече жума калганда барган, анын жүрүшүндө 100дөн ашуун туткун бошотулган.

Сүйлөшүүлөрдөн кабардар болгон булактын Reuters агенттигине билдиришинче, алар Газада барымтада калгандардын кайсынысын жаңы элдешүү келишиминин алкагында бошотушу керектигин жана Израил алардын ордуна кайсы туткундарды кое бериши мүмкүн экенин талкуулап жатышат.

Би-Би-Синин кабарчысы Йоланда Кнелл белгилегендей, Газа тилкесинде ок атышуунун биротоло токтошуна али көп бар, бирок, Ханиянын Египетке сапары Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согуштук аракеттерде жаңы тыныгуу болушу мүмкүн экендигинин белгиси.

Бирок бул үчүн ХАМАС коомдук позициясын өзгөртүшү керек. Кыймыл ок атышуу биротоло токтосо гана израилдик барымтадагыларды бошоторун такай айтып келет.

Израиль кары-картаңдарды, аялдарды жана дарыланууга муктаж болгон туткундарды бошотууну талап кылууда, деп маалымдайт жергиликтүү маалымат каражаттары. Алардын ордуна Израилдин түрмөлөрүндө оор кылмыштары үчүн камалган палестиналыктар бошотулушу мүмкүн.

Рейтер агенттигинин булагы билдиргендей, сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жатат жана бир нече күндүн ичинде келишим түзүлүшү мүмкүн.

Палестиналык расмий өкүлдөрдүн бири Хания Египеттин расмий өкүлдөрүнүн жаңы сунуштарын уккусу келгенин айтып, ХАМАС дагы бир убактылуу ок атышпоо келишимин расмий түрдө четке кагып, согуштук аракеттерди биротоло токтотууну талап кылып жатканын белгиледи.

Израилдин жогорку даражалуу расмий өкүлү согуш бардык барымтадагыларды бошотуу жана ХАМАСты жок кылуу менен гана бүтүшү мүмкүн деген өкмөттүн позициясын кайталады: "Премьер-министр айткандай, согуш толук жеңиш менен аяктайт".

Бирок шейшембиде Израилдин президенти Ицхак Герцог өлкө барымтадагыларды бошотуу үчүн күрөштө жаңы тыныгууга даяр экенин билдирди. 80 өлкөнүн элчилер тобуна кайрылып, Герцог Израиль Палестина элине согуш ачпаганын, “өз душманы болгон - ХАМАС террордук уюму менен күрөшүп жатканын” баса белгиледи.

Азырынча БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газада ок атышууну дароо токтотууну талап кылган резолюцияны кабыл ала алган жок

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азырынча БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газада ок атышууну дароо токтотууну талап кылган резолюцияны кабыл ала алган жок

Ошол эле маалда Израилдин союздаштары Нетаньяхунун кабинетине басымды күчөтүп, Израилдин Газа тилкесинде көп сандаган жай тургундардын өлүмүнө алып келген жана Газанын чоң бөлүгүн жер менен жексен кылган операциясын токтотууну же жок эле дегенде олуттуу түрдө кыскартууну талап кылууда.

Израилдин эң жакын өнөктөшү Вашингтон өткөн аптада Израилди согуштук аракеттерди кыскартууга жана ХАМАСтын лидерлерине каршы түз багытталган аракеттерге өтүүгө ачык үндөдү.

Вашингтон Израилди ок атышууну дароо токтотуу талабынан калкалоо үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги вето укугун эки жолу колдонгон.

Жаңы резолюция боюнча кийинки добуш берүү американын ветосунан кыйгап өтүү үмүтү менен, текст боюнча макулдашуу үчүн дагы бир күнгө жылдырылды.

АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд шейшембиде журналисттердин келишим түзүүгө канчалык жакындашып калдыңар деген суроосуна: "Биз аракет кылып жатабыз, катуу аракет кылып жатабыз" деди.

Израилдин өзүндө өкмөт туткундарды тезинен бошотуу талабын коюп жаткандар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Израилдин өзүндө өкмөт туткундардын бардыгын тез арада бошотуу талабын коюп жаткан коомчулуктун жана саясатчылардын, негизинен солчулдардын кысымына кабылууда.

Израиль аскерлери жаңылып үч туткунду террористтер менен чаташтырып өлтүрүп алды деп министрлер кабинети расмий моюнга алгандан кийин оппозициянын жана коомдук активисттердин кысымы ого бетер күчөдү.

Газадагы кырдаал

Газадагы элдешүү декабрь айынын башында аяктап, согуш курч фазага өттү. Мурда Газа тилкесинин түндүк жарымы менен чектелген кургактагы салгылашуулар азыр анклавдын дээрлик бардык аймагына жайылды.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин (ХАМАСка баш ийет) маалыматына караганда, Израилдин соккулары жана кургактагы салгылашуулары 20 000дей кишинин өмүрүн алды, дагы миңдеген адамдар дайынсыз жоголду же урандылардын астында калды. Би-Би-Си, башка эл аралык уюмдар сыяктуу эле, бул дооматтарды өз алдынча текшере албайт.

Ноябрда Израил жоокерлери аскердик максаттарынын көбүнө жетти делген анклавдын түндүгүндө исламчылар менен салгылашуу кайрадан күч алды.

Батыш Жээкте жайгашкан Палестина Кызыл Жарым Ай уюму Израиль аскерлери согуш катуу жүрүп жаткан Жабалияда тез жардам кампасын курчоого алганын билдирди. Ал жерде 127 адам, анын ичинде медицина кызматкерлери, убактылуу жер которгондор жана жарадарлар бар.

Израиль Газа секторунун түштүгүндө операцияларын улантууда. Сүрөттө - 20-декабрда Рафах шаарына болгон чабуулдун кесепеттери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израиль Газа секторунун түштүгүндө операцияларын улантууда. Сүрөттө - 20-декабрда Рафах шаарына болгон чабуулдун кесепеттери

Башка аймактардан качкан газалыктардын көбү азыр анклавдын түштүгүндө баш калкалоодо. Ал жакта, израилдик аскерлер жарым-жартылай көзөмөлгө алган Хан-Юнис шаарынын борборунда катуу салгылашуулар жүрүп жатат.

Израил жайкын тургундарды коргоо үчүн колунан келгендин баарын жасап жатканын, анын ичинде аларга сокку ураарын алдын ала эскертип жатканын айтып, Хамасты атайылап карапайым калктын арасында аракеттенип, аларды тобокелге салып жатат деп айыптоодо. Хамас мындай айыптоолорду четке кагууда.

Эл аралык гуманитардык уюмдар анклавдын 2,3 миллион тургунунун 90 пайызы кыйроолордон улам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгондуктан жана тамак-аш менен дары-дармекке жетүүнү чектеген блокададан улам Газа гуманитардык катастрофанын босогосунда турганын айтышууда. (DO)