Израилдин соккусунан Ливанда 492 киши каза болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ливанда Израилдин соккусунан набыт болгондордун саны 492 кишиге жетти.
Ливандын саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун арасында 35 бала жана 58 аял бар экенин билдирди. Бул кол салуулардан 1645 киши жараат алды.
Израил армиясы Иран колдогон "Хезболланын" 1300 позициясын бутага алганын маалымдады. Мындан улам миңдеген тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.
Израил армиясынын маалыматы боюнча "Хезболла" тарабынан Израилдин түндүгүнө 200дөн ашык ракета атылган. Анын кесепетинен эки адам жабыркаган.
Израил менен "Хезболланын" ортосундагы кагылыш күчөп турган чакта көптөгөн өлкөлөр эки тарапты сабырдуулукка чакырышууда.
Дүйнө лидерлери бул жаңжал чоң согушка айланып кетишинен чочулашууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Былтыр 7-октябрда Газада согуш башталгандан бери "Хезболла" палестиналыктарга тилектештик кылып Израилди аткылап баштаган.
Эки өлкөнүн чек арасында 11 айдан бери дээрлик күн сайын атыш болуп турат. Мындан улам Израилдин түндүгүндө жашаган 50 миңдей турган үйлөрүн таштап кеткен.
Израил жакында эле жарандарын өз үйлөрүнө кайтаруу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз деген.
"Хезболла" менен Израилдин ортосундагы чыңалуу байланыш каражаттарынын жарылуусунан кийин кескин күчөп кетти.
Эки тарап тең “жаңы фазага” өттүк деген билдирүүлөрдү жасап жатышат. Алар дем алыш күндөрү да бири-бирине сокку урушкан.
Израилдин армиясынын басма сөз катчысы Даниел Хагари Ливандын түштүгүндө жашаган элди "Хезболланын" позицияларынан алыс болууга чакырган.
Ирандын президенти америкалык журналисттерге маек берди
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тегеран Жакынкы Чыгыштагы согушту кеңейтүүнү көздөбөй турганын билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркто жүргөн Пезешкиан америкалык журналисттерге маек берди.
Ал йемендик хуситтер Ирандын бийлигин укпай турганын баса белгилеп, согушка түртүп жатат деп Израилди айыптады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тегерандагы Хамастын лидери Исмаил Ханиянын өлтүрүлгөнүнө токтолуп, Иран өкмөтү өч алуудан баш тартканын айтты. Пезешкиан Американын же башка ортомчу өлкөлөрдүн атын атабастан, мындай деп кошумчалады:
"Бизге диалог жүрүп жаткандыгы айтылды. "Кол алышалы, биз тынчтыкты орноткубуз келет" дешти. Кол алыштык, бирок алар элдешкен жок. Алар бизге бир жумадан кийин тынчтык орнойт деп убада беришти. Күн өткөн сайын Израил Газада дагы көп адамдарды өлтүрүүдө. Эгер аймакта согуш башталса, бул аймак үчүн дагы, дүйнө үчүн дагы эч кимге пайда алып келбей турганын биз баарынан жакшы билебиз. Биз согушкубуз келбейт. Израил бизди согушка жетелеп абалды коопту кылгысы келет".
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Хания каза болгондон кийин күчөп кеткен. Иран Ханиянын өлүмү үчүн Израилди айыптап, өч аларын билдирген. Израил чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес. (SA)































