Менопауза деген эмне жана анын кандай белгилери бар?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ар бир аялга менопауза келет жана анын белгилери кыз-келиндерде 45 жаштан баштап пайда боло баштайт.
Менопаузанын эл аралык күнүндө этек кири толук токтордун алдында аялдын организминде кандай өзгөрүүлөр болот түшүндүрүп берели.
Менопауза бул эмне?
Менопауза – бул айыздын биртоло токтошу, адатта аялдар ага 51 жаш курагында кабылат.
Бул аялдын репродуктивдүүлүк мөөнөтү токтоп, жашоосунда жаңы этап келгенинин көрсөткүчү.
Бирок менопауза дароо эле келбейт, анын алдында кыз-келиндерде этек кири ай сайын келбей, сейректей баштайт. Бул өзгөрүүнү перименопауза деп аташат. Аялдарда мындай көрүнүш 46 жаштан тарта байкала баштайт.
Адатта келиндер алардын этек кири өз убактысында эмес же көп келе баштаганын байкайт. Андан кийин алар өздөрүн оор сезип, мурдагыдай болбой калганын байкашат.
Менструация он эки ай катары менен келбей калганда сиз артты карап менопаузадан (акыркы менструациядан) өттүм деп айта аласыз.
Айрым аялдардын организминде бул көрүнүш эртерээк орун алышы мүмкүн. Кээ бир учурларда ал оорудан кийин пайда болот.

Менопаузаны эмне чакырат?
Жаш өткөн сайын аялдын организминде гормондордун көлөмү өзгөрөт, өзгөчө менструалдык циклди көзөмөлдөгөн эстрогендин деңгээли түшөт.
Кыз-келиндердин жумурткалары барган сайын азыраак жумуртка клеткаларын иштеп чыгып, эстрогендин деңгээли бир жогорулап, бир түшүп турат. Бул бара-бара менопаузанын белгилерин чакырат.
Бирок аялдан организмдеги бул өзгөрүүлөр бир паста орун албайт.
Ага бир нече жылдар кетип, эстрогендин деңгээли эң төмөн чекке жеткенде гана организмде өзгөрүүлөр башталат.
Жумуртка клеткалары такыр эле иштелип чыкпай калганда, аялдын боюна бүтпөй калат да менопауза келет.
Анын кандай белгилери бар?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Менопауза жана ага чейинки жылдар аялдарга ар башкача таасир бериши мүмкүн.
Эстроген гормонунун азайышы аялдардын мээси, этек кири, териси, булчуңдарына эле эмес, эмоцияларына да таасирин берет.
Менопаузанын белгилери көп, бирок алардын баары бир эле убакта пайда болуп же сизден анын бир да белгиси байкалбай калышы да мүмкүн.
Көз кездешкен белгилери төмөндөгүдөй:
Этек кири адаттан көп келет жана ай сайын келбей калышы мүмкүн
Түнүчүндө көп тердей баштайсыз
Маанайыңыз бузулат
Денеңизде кургактык орун алат
Табарсыгыңыз ооруй башташы мүмкүн
Ошондой эле эс тутумуңуз начарлап, бир нерсеге жакшы көңүл кое албай каласыз. Аны адатта мээмди туман каптады дешет, муундарыңыз ооруп, териңиз кургай баштайт.
Мындай белгилер бардык эле аялдарда кездешпейт, бирок болжолдуу түрдө 75% болот.
Менопаузага кабылган аялдардын төрттөн бири аны мындан да оор көтөрүшөт.
Ал белгилер жети жылга чейин созулушу мүмкүн, ар бир үчүнчү аялда ал андан да узакка созулушу мүмкүн.

Эгер сиз бойго бүтүрбөгөн дары ичип жатсаңыз, менопауза сизге качан келгенин аныктоо кыйын болот. Себеби, бул таблеткалардын этек кирге карата таасири ар кандай болот.
Толкундар эмнеден улам пайда болот?
Ал эстрогендин жетишсиздигинен улам чыгат. Бул гормондун мээдеги дененин термостатын иштетүүдө мааниси чоң.
Адатта аялдын организми ысык-суукту жакшы көтөрөт, бирок эстроген жетишсиз боло баштаганда термостат дагы жакшы иштебей, мээ болсо дене өтө ысып бара жатат деген сигнал алат. Бирок чынында андай деле болбойт.
Эстрогендин ошондой эле аялдын маанайына таасири чоң. Гормон мээдеги рецепторлордогу башка химиялык заттар менен аракетке келтирет, эстроген азайганда аялда тынчсыздануу пайда болот, маанайы да тез-тезден бузула турган болот.
Башка гормондордун дагы таасири барбы?
Ооба, прогестерон жана тестостерон дагы бар, бирок алардын жетишсиздиги эстрогендикиндей таасир бербейт.
Прогестерон аялды кош бойлуулукка ай сайын даярдоочу гормон болуп эсептелет, овуляция токтогондо анын деңгээли да түшөт. Жыйынтыгында менструация да аяктайт.
Тестостерон адамдын организминде көп иштелип чыкчу гормон, ал жыныстык дүүлүктүрүүчү жана энергия менен байланыштуу гормон.
20 жаштан баштап ал азая баштайт, андыктан айрым аялдарда аны толуктап туруу муктаждыгы да бар.
Менопаузаны аныктоочу тест барбы?
Менопаузаны диагностика кылчу тесттер сатылат, бирок эксперттер 45 жаштан кийин аны куру аракет катары көрүшөт.
Эң жакшысы – врач же медайымга кайрылып, этек киринин келишиндеги өзгөрүүлөрдү сүйлөшүү керек. Адиске сизде менопаузага тийиштүү кандай белгилер болуп атканын айтып берсе жакшы.
Тесттер ФСГ же фолликулдарды стимуляция кылчу гормондорду эле текшерип берет, бирок бул гормондор бир төмөндөп, бир жогорулап турат, андыктан анын негизинде бир нерсе аныктоо кыйын.
Эгер аялдарда айыз ай сайын келбей жатса деле 55 жашка чейин алар бойго бүтүрбөөчү дарыларды колдонуп жүргөнү жакшы, болбосо алар кош бойлуу болуп калышы да ыктымал.
Менопаузаны жеңил өткөрүү ыкмалары барбы?
Гормондордун ордун толтуруу терапиясы аркылуу организмде эстроген гормонун толуктап алса болот, бул менопаузанын жеңил өтүшүн камсыздайт.
Бирок ал рак менен ооруган, тромбасы бар жана кан басымы жогору адамдарга жарабаган ыкма.
Аялдар төмөнкү ыкмаларды колдонуу менен абалын жеңилдете алышат:
Майы аз тамак жеп, анын курамында сөөк жана жүрөктүн иштешин жакшыртуучу кальцийдин болушу шарт
Спорт менен машыгып туруу керек, бул тынчсыздануу, стрессти азайтып, жүрөк оорудан коргойт
Тамекини таштаңыз, бул да жүрөк оорудан сактайт
Тамак-ашка соя же кызыл беде өңдүү табигый эстрогендерди кошуп жеген учурларда менопауза жеңил өткөнү тууралуу иликтөөлөрдүн жыйынтыгы да бар. Д витамини болсо сөөктөрдү саламат кармаганга жардам берет.
Менопаузадан кийин эмне болот?
Акыркы менструацияңыз келгенден туура бир жыл өткөндөн кийин сиз постменопауза стадиясына келген болосуз.
Мында эстрогендин бөлүнүшү толугу менен токтоп, анын жетишсиздиги сөөк жана жүрөккө таасирин бере баштайт. Бул карылыктын ажырагыс бир бөлүгү десек да болот.
Менопауза башталгандан кийинки мезгил аялдын орточо жашынын үчтөн бири деп билсе болот. (EK)



























