Эмне үчүн Украинага Курскидеги жаңы контрчабуул керек болду?

Украинанын Курск облусуна чабуулу бул согуштун жаңы фазасы болуп калды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын Курск облусуна чабуулу бул согуштун жаңы фазасы болуп калды
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Курск облусундагы украин жоокерлеринин күтүүсүз активдешүүсү орус армиясынын Донбастагы согушу уланып, Орусия ВСУну камсыздоодо Покровсктан түштүккө карай маанилүү болгон таяныч пункту саналган Курахов шаарын алганын жарыялаган мезгилге туш келди. Эмне себептен украин командачылыгы өз резервдерин Орусиянын чабуулдарын токтотууга эмес, такыр башка багыттагы чабуулга жумшап жатат болду экен? Буга эмне себеп?

Соңку бир нече аптада орусиялык аскерлешкен пабликтер украиналык бөлүктөрдүн бир тобу түндүк багытына ташталып, кезектеги чабуулга камынып жатышы мүмкүндүгүн жазышкан. Жаңы күчтү тотпотоонун багыты боюнча ар башка версиялар чыгып жатты.

Операция башталаар алдында ВСУ командачылыгы маалыматтык жымжырттык режимин киргизип, украиналык маалымат каражаттарынан режимдин талаптарын сактоону талап кылышты. Керек десе Украинанын Башкы штабынын расмий билдирүүлөрүнөн улам дагы болуп жаткан окуялардын масштабы байкалып турду.

"Курщинде азыркы учурда 42 согуштук кагылышуу болуп өттү"- дейт 5-январдагы корутундулоочу маалыматта. Ошол эле учурда азыркыга чейин согуш кайнап жатат деп эсептелген фронттун Покровск участогунда, украиналык мекеменин маалыматына караганда, 36 согуштук кагылышуу болуп өттү.

ВСУнун башкы командачысы Александр Сырскийдин Курск облусуна Жаңы жылдан кийинки сапары, ошондой эле 5-январда Орусиянын Коргоо министринин орун басары Юнус-Бек Евкуровдун Курскка чукул келиши дагы көңүл бура турган жагдай.

Карта

Азыркы учурда украин күчтөрүнүн Суджа багыты боюнча Чоң Солдат айылы жана Бердин хуторнун көздөй жылып жаткандыгы белгилүү. Алар облустун борборуна жана Курчатов шаарына алып бара турган чоң жолдун боюн ээлеп жатат. Курчатов шаарында Курск АЭСи жайгашкан. ВСУ Суджадан түндүк-батышка жана чыгышты карай чабуул коюп жатышканы кабарланууда.

Биринчи чабуулдардан сезилээрлик жыйынтыктар байкалбагандыктан украина командачылыгынын эмне ойлогону тууралуу так айтуу азырынча кыйын болуп турат, бирок окуяынын жүрүшү уланууда.

2024-жылдын августунда ВСУ Курск облусуна басып кирген. Операциянын негизги максаттарынын бири орус армиясын Донецк облусундагы чабуулдарынан алаксытуу болгон деп билдиришкен. Бул тапшырманын бир бөлүгү гана аткарылды.

Орусия Курск облусуна бир кыйла эле чоң кошуундарын тартууга аргасыз болду. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, 55 миңдей аскер кызматкерин бурду. Бирок Донбаск тараптагы чабуулунун негизги багытын токтотуп жиберген жок. Бирок Москва беш ай бою Курстагы көйгөйдү чече да алган жок.

Украинадагы согуштун башталганына 1000 күндөн ашты

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согуштун башталганына 1000 күндөн ашты
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

ВСУнун азыркы жандануусу фронттун бул участогунда түзүлүп калган салыштырмалуу тең салмактуу кырдаалды бузуп, Курск облусунун башка калктуу ири пункттарына олуттуу коркунуч жаратуу менен, орусиялык командачылыкты ал тарапка көбүрөөк күч жана резерв жумшоого мажбурлоо аракети сыяктуу көрүнүп жатат.

Эгерде көздөгөн ой чындап эле ушундай болсо жана ал ишке аша турган болсо анда Орусия тарап бул багытка керектүү резервди кайдан алыш керек деген негизги баш ооруга кабылышы мүмкүн. Орусиянын "Түндүк" деп аталган группировкаларынын бир кыйла бөлүгү чек аралаш Харьков облусундагы кармаштарга топтолгон. Калгандарын болсо кыйла кооптуу деген Брянск жана Белгород облустарына кармап туруу зарыл.

Бирок эгерде ВСУнун Курск облусундагы жаңы чабуулдары ийгиликсиз болуп кала турган болсо, анда украиналык командачылыкка карата олуттуу суроолорр пайда болушу турган иш. Өзгөчө Донбас аймагындагы фронтуу такыр турукташтыра албай жатканын эске алганда бул ого бетер чоң маселе болуп калат.

Курск обулсундагы кармаштын учкай таржымалы

Өткөн жылдын август айында Володимир Зеленский өзүнүн күнүмдүк кечки кайрылуусунда, Курск обалстында ВСУ күчтөрү ээлеп алган аймактар, Орусия Украинанын Сумск аймагына сокку уруп турган тилкелер болгонун билдирген эле. Анын сөзүнө караганда, бул операциялар Украинанын чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыздайт жана анын эң башкы максаты — "чек ара аймактарын орус күчтөрүнөн тазаалоо" деп кошумчалаган. Мындан сырткары ал укриан күчтөрүнүн "алмашуу фондун толуктап жаткандыгы" үчүн ыраазычылык билдирген болчу.

Украинадагы согуш токтобой жаткан шартта Курск облусундагы салгылашуу тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылып келе жатат. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп согушту токтотуу аракетин баштай турган болсо, Украина көзөмөлдөп жаткан Курск облусундагы аймактар чоң мааниге ээ болорун айткандар да бар. Курсктагы салгылашуулар түндүккореялык аскерлердин келиши менен ого бетер бүйүр кызыткан темага айлданды. Путиндин эң ынак өнөктөшү саналган Лукашенко Түндүк Кореянын аскерлери аралаша турган болсо "эскалация күчөйт" деп айткан эле.