Бишкектеги мектептерди чырмаган коррупция: чыры жана чындыгы

коррупция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Бишкекте №61 лицейдин директору Юрий Низовскийдин кармалышы дүңгүрөгөн окуя болуп калды. УКМК аны мектепте коррупциялык схема түзгөн деп айыптап, жакындарына катталган 150 млн сом байлыгын таап көрсөттү. Бул окуя баш калаадагы статустуу мектептерди чырмаган коррупцияга көп жылдан бери биринчи жолу ыргытылган укуктук укурук болуп калды.

Низовскийдин тегерегиндеги ызы-чуу ал Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган директорлор конкурсуна баш ийбей, каршылык көрсөткөндөн башталды. Көп жылдан бери атактуу лицейди кармап келаткан тажрыйбалуу директорду кызматтан алууга каршы болгон ата-энелер министрликке чейин барып ызы-чуу салышты. Азыр дагы алар УКМКнын жанына пикетке чыгып, кадыр-барктуу деректирди бошотууну талап кылышууда.

Юрий Низовский №61 лицейди жетектеп келатканына отуз жылдан ашты. Бул лицейге балдарын киргизүү үчүн ата-энелер чоң кишилерди салышы же чоң пара бериши керек деген сөз ошончо жылдан бери жүрүп келди. Бирок буга чейин директорго тийишкен эмес, Бишкектин чоңдору аны керек болсо кадырлап сыйлап келишти.

УКМК аны кармагандан кийин чыгарган билдирүүсүндө бул мектепте туруктуу коррупциялык схема түзүлгөнү, Низовский балдарды мектепке кабыл алуу үчүн ата-энелерден пара алып келгени айтылат. Эми мунун баары тергөөдө аныктала турган иш. Бирок бул окуя Бишкектеги статустуу мектептердин көп жылдардан бери коррупциянын очогу болуп келатканын биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде моюнга алууну, ага каршы күрөшүү аракети башталгандай жышаанды көрсөтөт.

"Бишкекте балдарын жакшы мектепке берейин деген ата-энелер бюрократиялык жемкорлукка кабылат. Эгерде акча берсе, электрондук каттоону да карабай, кандайдыр бир жол менен жылдырып коюп, көп учурда жетекчилер чечип коет көп учурда. Жетекчилер менен жогору жакта отурган бийлик адамдары дагы тыгыз байланышкан. Ошентип мектепти жакшыртабыз деп ата-энелер чогулткан акчалар, өзгөчө гимназия-лицейлерде 150 сомдон 750 сомго чейин чогултат экен. Бир жылда, мисалы, лицейде 750 сомдон чогултса, эки жарым миң окуучу болсо, бул деген 200 миң доллар акча чогулат экен тогуз айда. Эгер бул мектептин керегине жумшалса, анда мындан дагы жакшы ийгиликтерге жетмек, имараттары сонун болмок. Тилекке каршы, андай эмес. Демек, акчанын баары башка жакка кетип атат",-дейт билим берүү боюнча эксперт Алмаз Тажыбай.

Бишкектеги мектептерде чогулган акчаларга адатта директорлор тиешем жок деп четке чыга беришет. Аны ата-энелер өздөрүнүн демилгеси менен чогултуп, өздөрү билгендей жумшап келатканын жүйө тартышат.

"Ата-энелер комитети деп мектептин алдында түзүлгөн уюмдар чогултат акчаны. Алардын башчылары болсо директорлор менен өз ара байланыштагы адамдар. Акчанын каякка сарпталып жатканынын көзөмөлү жок. Бир да мектеп акчанын каякка жумшалганынын отчетун илип койбойт. Бул кандайдыр бир жашыруун, саналуу эле ата-энелер билет. Ал эми акча берген көпчүлүк ата-энелер буга көз жумуп коет. Ошентип тилекке каршы, ата-энелер дагы системалык жемкорлукту күчөтүп жатат",-дейт Алмаз Тажыбай.

Мектеп жетекчилери өз кезегинде мамлекет мектептерди жеткиликтүү түрдө каржылабай келатканын, ошондуктан ата-энелер акча чогултуп жардам бербесе, мектеп каралбай каларын жүйө айтышат. Бул сөздүн да дагы калети жок, бирок ата-энелер жыйнаган акчанын дагы көзөмөлү жок дегенге кошулбай коюу да кыйын.

Низовскийдин үйүн тинтүү убагында көп сандаган акча жана курал табылган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Низовскийдин үйүн тинтүү убагында көп сандаган акча жана курал табылган.

Конверт менен колго алуу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул кейиштүү чындыкты мурда кийин козгоп келаткан активисттер көп эле болду, бирок тийиштүү түрдө көңүл бурулбай келди. Билим берүү боюнча эксперт Асел Өмүракунова баш калаадагы мектептерге арыз-даттануулар боюнча көп рейддерге барган активисттердин бири. Анын 2018-жылы эле Фейсбукта жазган пикирин келтирели.

"Жаңы мэр, министр, укук коргоо органдары көңүл бура турган маселе. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармасынын ишин абдан кылдат текшериш керек. Ал абдан начар иштеп атат. Коррупция менен күрөшпөйт, кашкайган коррупциялык фактыларды карабайт, баш калаада билим берүүнү уюштуруунун эффективдүү механизмин ойлонбойт. Менин оюмча, бул жакта коррупция гүлдөп атат. Алар директорлорду өздөрү калкалап келатат", -деп жазган экен.

Асел биринчи класска электрондук каттоо боло электе Бишкектеги мектептердин жетекчилерине ата-энелер балдарын биринчи класска киргизиш үчүн 25 миң сомдон беришчү дейт. Ал эми директорлор өздөрү мэрди баш кылып, шаар башчыларына конверт берип, аларды колго алып коюшат.

"Иса Өмүркулов мэр кезинде конвертке 25 миң доллардан салып беришчү экен. Мен мектептерге, бала-бакчаларга рейдке көп чыкчумун, ошондо билим берүү башкармалыгы директорлорго эскертип коюшчу бизден билип алып. Мектептерде конфликт болгондо аны басканга ставкасы элүү миң сом. Конвертке салып туруп, берип коюшат. Ошондо директорго тийишпейт".

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев май айында болгон жыйында баш калаада директорлордун чөнтөгүнө жылына 20 млн доллар акча пара түрүндө кетип атканы жана директорлордун арасындагы миллионерлер жөнүндө билдирүү жасаган эле. Ошондо шаардагы нааразы болгон директорлор биригип, бул депутатка катуу чабуул баштаган болчу. Алар Жогорку Кеңештин төрагасына кат жазып, аларды жаманатты кылган депутатты миллиард сомго жыгып, жазалоо талабын коюшкан эле.

Ошондо депутаттын билдирүүсүн ойдон чыгарылган сөз деп сынга алгандар да көп болду. Бирок өзүн эң адал эсептеген, билим берүүдөгү эң кадырлуу деген директордун үйүнөн "алты камандын башы" чыкканы депутаттын өтө олуттуу көйгөйдү көтөрүп чыкканын күбөлөп турган жокпу?

№61-физика-математикалык лицейге балдарды киргизүү үчүн чоң киши же чоң акча бериш керек деген сөз көптөн бери жүрүп келатат

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, №61-физика-математикалык лицейге балдарды киргизүү үчүн чоң киши же чоң акча бериш керек деген сөз көптөн бери жүрүп келатат

Кылы да кыйшайбайт

Эми бир директорду кармап-камоо менен эле мектептерди чырмаган жемкорлук токтоп калбайт, бул чындыкты да ар ким түшүнүп турат. Бул үчүн ошол илдетти жайылтып жаткан себептерди жоюу зарыл. Мамлекет менен коомчулуктун биргелешкен аракети болмоюнча коррупциянын түктүү колунун кылы да кыйшайбай турганы шексиз.

"Мафия менен күрөшүү абдан кыйын. Амалын таап коюшат. Жалгыз эле мамлекеттик орган же Билим берүү министрлиги чече албайт. Ар бир мектепти, статустуу гимназия-лицейлерде акча чогултууну жакшылап текшериш керек",-дейт Алмаз Тажыбай.

Социалдык тармактарда укук коргоо органдары Бишкекте биринчи кезекте текшере турган №29, 28, 67, 68, 70, 17 сыяктуу статустуу мектептерди атап жатышат. Бирок, кеп бул жерде бардык аракеттердин мыйзам чегинде жүргөнү абдан маанилүү. Болбосо, бирөөлөрдүн кызыкчылыгында бөрк ал десе, баш алмай болуп кетмей да адат бар эмеспи. (КС)