Айдар Амребаев: Токаевге аскердик элита чыккынчылык кылды
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Reuters
Нурсултан Назарбаев көпкө чейин кайда экени белгисиз болуп туруп, 18-январда гана, кандуу окуялардан эки апта өткөндөн кийин казак калкына кайрылуу жасады. Мурдагы президент Казакстандагы окуялар элита ичиндеги бийлик талаш эмес, бардык бийлик президент Токаевдин колунда деп айтты. Элбасынын кайрылуусу Казакстандагы соңку окуялардын контекстинде эмнени билдирет? Мына ушул суроо менен Би-Би-Си казакстандык эксперт, Политология жана эл аралык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Айдар Амребаевге кайрылды.

А. Амребаев: Мен Токаевди бийликтин толук ээси деп айтпайт элем. Бул анын элбасы менен бийлик талашып же бөлүшүп жатканы жөнүндө кеп эмес. Маселе андан да терең. Азыр Казакстанда бийлик кандай бөлүштүрүлөт деген маселе болуп жатат, анын ичинде саясий, экономикалык, коопсуздук жактары. Реалдуу башкаруу рычагдары жөнүндө суроо. Көп көйгөйлүү маселе ушунда. Кээде көп эксперттер кырдаалды элбасы менен президенттин ортосундагы карама-каршылык катары гана карап, примитивдештирип жиберүүдө. Чыныгы кырдаал мындан башкача.
Би-Би-Си: Назарбаев бардык бийликти Токаевге өткөрүп бергенин айтты. Ушуну менен бийликтин транзити аяктадыбы?
А. Амребаев: Менимче жок. Бийликтин транзити деген эмне? Бул өлкөдөгү эң чоң кызматты ээлеген адам аны башка бирөөнө өткөрүп бергени эле эмес да. Бул жерде кеп институттардын жарамдуулугу жөнүндө сөз болуп жатат. Кыргызстанда мисалы көп учурлар болбоду беле, бийлик башка бирөөнө өткөрүлүп берилген, бирок чыныгы бийлик мурунку эле колдо, мурдагы эле саясий-экономикалык элитанын колунда кала берген учурлар. Маселелерди алар өз алдынча же криминалдык түзүмдөр менен чечип калбады беле. Бизде дагы ушул процесс бир топ эле татаал жүрүп, ошол эле учурда жетиштүү түрдө алдыга жылып атат деп айтмакмын. Элбасы бул жерде саясий, идеологиялык, экономикалык, социалдык чөйрөдөгү бийликтин ыйгарым укуктарын эволюциялык түрдө бийликти өткөрүп берип, өзүнүн ролун аткарды. Бирок ыйгарым укуктарды өткөрүп алуу толугу менен таасири бар дегенди билдирбейт.
Би-Би-Си: Демек, Назарбаев менен үй-бүлөсү, жакын чөйрөсү бийлик төрүндөгү чечим кабыл алууларга кайсы бир деңгээлде таасирин көрсөтүп жаткан турбайбы дагы эле?
А. Амребаев: Албетте. Эгерде элбасынын үй-бүлөсү, аны курчаган жакын чөйрөсү канчалык экономикалык активге ээ экенин эске алсак, алар бир топ эле салмактуу, олуттуу адамдардын чөйрөсү. Токаевге өзүнүн чечимдерин ошол экономикалык, аскердик, саясий чөйрөдөгү элитарийлер менен макулдашууга туура келет. Эл андан алда канча радикалдуу өзгөрүүлөрдү күтүп жатпайбы, бирок Токаев аны азыр жасай албайт, ал анын баарын макулдашышы, алар менен эсептешиши керек.
Би-Би-Си: Токаев январдагы окуяларда террористтер жөнүндө айтпадыбы, бирок анын далилдүү фактыларын көрсөтө албай жатпайбы? Бул сырттан аскер киргизүү чечимин актоонун эле жолу болуп калгандай көрүнүүдө.
А. Амребаев: Мен андай көз карашка кошулбайм. Сырттан эч кандай террористтер келген жок. ЖККУнун аскеринин бул жакка келгенинин негизги себеби Казакстандын аскердик элитасынын президентке карата чыккынчылык кылганында болду. Алар өлкөнүн жетекчилигине баш ийбей коюшту. Токаевге Путин сыяктуу саясий союздашынан жардам сурашка туура келди. Путин Казакстандын саясий элитасынын арасында Токаевдин авторитетинин орношуна чечкиндүү таасир көрсөттү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Анткен менен сырттан аскердин кириши Казакстандын эгемендигине кайсы бир жагынан доо кетирип койгон жокпу? Мурда көп векторлуу саясатын жүргүзүп келаткан Казакстан эми Москванын орбитасында гана болуп, Токаев Кремлге милдеттүү болуп калгансыды.
А. Амребаев: Азыр көп маселелерди бөлүп-бөлүп караш керек. Азыр көп нерсе чаташып кетти. Мен дагы көп ар кандай эксперттердин пикирлерин карап окуп чыктым. Алар үстүртөн карап жатышат. ЖККУнун аскери киргенден кийин эми бизди ошол аскердик уюмдун же Россиянын таасиринде калды деп алар көбүнчө үстүртөн карап атышат. Чындыгында маселе абдан терең.
Бул жерде кеп Касым-Жомарт Токаевдин өлкөнүн президенти катары милдетин аткарууга, мамлекетти башкарууга укуктук жарамдуулугу жөнүндө болуп жатат. Максат – жардамга келген күчтөр менен мамлекеттик мекемелерди кайтарууга алуу, Сооронбай Жээнбеков туш келген кырдаалга жол бербөөдө болчу. Ал кыйын кырдаалда өлкөнү таштап баса бербедиби. Мындай кырдаалда Касым-Жомарт Токаев өлкөнү таштап кеткен жок. Ал кайра президенттик бийликтин институттарын бекемдөөгө аракет кылды. Бул жерде башка варианттары каралган эмес. Ал эч жакка кеткен жок, качкан жок.
Экинчиден, Россиянын абдан чоң таасиринен эмнени күтсөк болот? Токаев жеке ыраазылыгын көрсөтүп, Россия президентинин өтүнүчтөрүнө өзгөчө мамиле кылган сценарий болушу мүмкүн. Бул болушу мүмкүн. Бирок, эгер Казакстанда күчтүү мамлекет түзүлсө, бул жерде мен бийлик реалдуу түрдө бөлүштүрүлүп, парламент аткаруу бийлигин көзөмөлдөп, сот көз каранды эмес болгонун айтып атам. Президент Мажлисте сүйлөгөн сөзүндө ушуларга токтолду. Ошондо биз көп маселелерге, анын ичинде көп векторлуу саясат жүргүзгөнгө өзүбүздүн суверендүү укугубузду сактап калабыз.
ЖККУнун күчтөрү киргенде башка көп оюнчулар ачык эле нааразы болушпадыбы, анын ичинде АКШ, Кытай, Түркия. Элбасы баштап кеткен ошол тышкы векторлор менен бул кырдаалды биз башкара алдык. Мен россиялык эксперттердин көп жоромолдорун уктум, Токаев Путиндин алдына жатып алды деген сыяктуу сөздөр, бул кадыресе орусча хотелки. Менин оюмча, Токаев тажрыйбалуу дипломат катары Казакстандын тышкы саясатында баары менен бирдей аралыкты кармаганга өзү кызыкдар.

Би-Би-Си: Мурдагы президенттин тушунда бийлик оппозицияны жок кылды, каршы сүйлөгөндүн баарынын оозун жапты. Эми Токаевден эл эң оболу кандай реформаларды да күтүп жатат?.
А. Амребаев: Мажилисте сүйлөгөн сөзүндө ал эки багытка басым жасады. Биринчиси, албетте суверендүүлүктү бекемдөө, экинчиси - коопсуздук. Казакстандын күч органдарынын чыккынчылыгы абдам жаман роль ойноду, азыр кадрлар курамын катуу модернизациялоо, бекемдөө, күч органдарынын ишин уюштуруунун принциптерин бүтүндөй өзгөртүү жүрүп жатат. Азыр президент ушул ишти жасап жатат. Биз сыяктуу чыгыш өлкөлөрүндө бийликтин авторитети анын күчүндө эмеспи. Бул биринчиден.
Экинчиси - социалдык-экономикалык стабилдештирүү. Газдын баасы менен болгон монополиялык оюндар ушул окуялардын башталышына себеп болбодубу. Бул системаны демонополизация кылуу, коррупция менен күрөшүү, олигархиялык топторго эл менен пайданы бөлүшүү сунушу бул социалдык стратегиянын, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуунун кандайдыр бир формасы. Эл ушуну күтүп атат. Соңку он жылдыкта эл бир топ эле чайналып кетти.
2008-жылга чейин Казакстан Борбордук Азияда экономикалык өнүгүү жагынан лидер болуп келбеди беле, абдан динамикалуу түрдө өнүгүп жаткан болчу. Андан кийин кризис башталганда, элдин жашоо деңгээли активдүү түрдө түшө баштады. Бул курчуй берип, митингдердин башталышына социалдык база болуп берди.
Болгон окуяларды бир нече этапка бөлүп караш керек. Биринчиси жакырланган элдин социалдык адилеттүүлүктү талап кылган тынч митингиси болду. Андан кийин митингдер саясий өңүткө өтүп кетти, үчүнчүсү бийликтин конфигурациясына нааразы болгон айрым бир топтордун чагымчылыгы менен тополоңго айланды. Биз бул этаптардан өтүп кеттик. Азыркы убакта элге, анын ичинде менин өзүмө дагы алматылык жашоочу катары, тополоңдун кереги жок. Менин сүйүктүү шаарымдын бузулганын көрүш мен сыяктуу эле ар бир алматылыкка абдан оор тийди.
Азыр маселе азыр “шал кет” дегенде же мурдагы бийликти кулатууда эмес. Азыр бийликтин конфигурациясы башка, маселелер да такыр башка.
Токаевге ишеним бар, менин оюмча ал президенттин кызматында элбасынын патронажы астында интеллигенттүү ишмердиги менен ишеним кредитине ээ болду. Бул окуялардын башында эле өзүн көрсөтүп, бардык жоопкерчиликти өзүнө алды. Эч кайда кетпейм, мен Астанада кала берем, тийиштүү катаң чараларды көрөм деп айтпадыбы. Ошол эле убакта анын колунда инструментарий аз экенин баары түшүнүп турду, ошондуктан анын өзү үчүн да, эл үчүн да бир топ эле коркунучтуу абал түзүлүп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images































