Израил Ливандан аткылоо болгонун айтып, кыйратуучу соккуларды урду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Израил Ливанга өтө кубаттуу авиасоккуларды урду. Аба чабуулдардын бул сериясы бир нече айдан бери карай биринчи жолу Израилдин аймагына бир нече ракета атылды деген соң башталды. Ноябрда Израил менен "Хезболла" ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан эле. "Хезболла" тобу болсо Израилдин аймагын ракета менен атты деген маалыматты четке кагууда.
Израилдин аскерий жетекчилиги Ливандын түштүгүндө ракета ата турган ондогон түзүмдөр жана Иранга ыктаган "Хезболла" аскерлештирилген кыймылынын башкаруу борбору талкаланганын билдирди.
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги чабуулдардан эки киши каза таап, сегиз киши жабыркаганын ырастады. Курман болгондордун бири жаш бала экени кабарланды.
Ливан армиясы өлкөнүн түштүгүндө "ракета ата турган абдан эле жөнөкөй тутум" демонтаж болгонун билдирди. Ливандын Коргоо министри бул боюнча иликтөө иштери башталганын жарыялады.
Израил армиясы өлкөнүн түндүк тарабында жайгашкан Метула шаарында 3 ракета атып түшүрүлгөнүн билдирди. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат берилген жок.
Ливандагы аскерлешкен эң негизги топ болгон "Хезболла" Израилди ракета менен атканын четке кагууда. Алар мурдагыдай эле ок атышууну токтотуу позициясын карманып турушканын билдирди. Сөз болуп жаткан келишим 14 айга созулган зомбулуктан кийин салыштырмалуу тынчтык орнотууга негиз болгон эле.
АКШ жана Франция каршылашкан тараптарды жараштыргандан бери карай салыштырмалуу тынчый түшкөн эле. Эми Изарилдин жанданган соккулары эң негизги эскалация болуп калды.
Элдешүү келишиминин шарттары боюнча, Ливан армиясы Изарилге куралдуу кол салбашы үчүн өлкөнүн түштүгүндөгү кошумча күчтөрдүн баарын таратышы керек болчу.
"Хезболла" өз согушкерлерин курал-жарагы менен түндүктү көздөй чыгарып кетүүгө милдеттенме алган. Израил болсо согуш башталгандан бери ээлеп алган Ливандын аймагындагы позицияларынын өз аскерлерин артка алып кетмек.
Ошол эле учурда Израил андан бери карай өзү "Хезболланын" обьектилери деп атаган жайларга майда соккуларды уруп келди. Израил мындай аракеттерин уланта турганын айтып, бул аркылуу "Хезболланын" кайрадан куралдануусуна жол бербей турганын белгилеп келе жатат. Изарил басып киргенде "Хезболла" оор жоготууларга учураган эле.
Ливанга урулган соккулар Изарил жарашуу келишиминен чыгып, Газа секторундагы ХАМАСка каршы чабуулдарын баштаганына бир нече күн болгондон кийин башталды.
ХАМАСка карай жаңы чабуул

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Израилдик аскерлер 18-мартка караган түнү өлкө жетекчилигинин буйругу боюнча деп ХАМАС тобунун Газада жайгашкан объекттерине сокку ура баштаган. Газа бийлиги аткылоолордун кесепетинен жүздөгөн киши курман болгонун билдирген.
"ЦАХАЛ жана Шин-Беттин саясий эшалонунун чечимине ылайык, учурда ХАМАС террористтик уюмуна тиешелүү террористтердин объекттерине массалык чабуул урулууда",- деп айтылган Израилдин Коргонуу армиясы менен Шин-Бет коопсуздук кызматынын биргелешкен билдирүүсүндө.
Израилдин премьер-министринин кеңсесинин билдирүүсүндө Биньямин Нетаньяху жана Коргоо министри Исраэль Кац ХАМАСка каршы "чечкиндүү чараларды кабыл алуу" тапшырмасын бергени айтылган.
"Бул ХАМАС бир эмес, бир нече жолу биздин туткундарды бошотуудан баш тартып, ошондой эле АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф тарабынан түшкөн бардык сунуштарды четке каккандан кийин болуп отурат. Саясий жетекчилик тарабынан аныкталып, максатка толук жетүү үчүн ХАМАС террористтик уюмунун Газада жайгашкан бардык буталарына ЦАХАЛ чабуул коюп жатат. Мунун баары биздин туткундардын аман калгандарын дагы, көзү өткөндөрүн дагы өткөрүп алуу үчүн жасалып жатат",- деп билдирген Нетаньяхунун кеңсеси.
ХАМАСтын жообу кескин айырмаланат.
ХАМАСтын жогорку даражалуу жетекчилеринин бири Израил 19-январда күчүнө кирген ок атышпоо келишимин бир тараптуу бузуп жатат, деп Reuters агенттигине билдирген. Кийинчерээк аталган топтун өкүлү Израил өз туткундарын курмандыкка чалып, согуштук аракеттерди жандантып, тынчтык келишимин бузуп жатат деген. Жаңы чабуулдардан жаш балдар, карапайым тургундар дагы каза таап, кыйроолор уланганы кабарланган. БУУнун Баш катчысы Газага кайрадан башталган чабуулдар аны нес кылганын айтып, тынчтыкка чакырган.
"Агрессиянын айынан эки жүз жыйырмадан ашуун киши каза таап, алар Газа секторундагы ооруканага жеткирилди. Алардын басымдуусу балдар, аялдар жана карылар. Ошондой эле аскердик операция улантылып, жер которууга аргасыз болгондор баш калкалап жаткан мектептер менен бала бакчаларга чейин эпкини жетип жатат",- деген Махмуд Басал.































