АКШ менен Украина кен байлыктар боюнча келишимге кол койгону жатат

АКШ - Украина

Сүрөттүн булагы, Nur Photo

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШ жана Украина жаратылыш ресурстарын биргелешип иштетүү боюнча келишимдин соңку вариантын макулдашты. Бул тууралуу Би-Би-Синин украин бийлигиндеги булагы билдирди.

"Чындыгында, Украина үчүн жакшы боло турган түзөтүүгө жетиштик. Муну позитивдүү жыйынтык деп баалап жатабыз",- деди Би-Би-Сиге аты-жөнүн жашыруун калтырууну каалаган маектеш.

25-февраль кечинде украиналык жана батыш медиалары (негизинен Financial Times, Reuters агенттиги, Bloomberg жана AFP) Киев жаратылыш ресурстарын, анын ичинде нефть жана газ өндүрүү боюнча документтин жаңы вариантына кол коюуга макул болгондугун билдиришкен.

Украинанын жогорку даражалуу жетекчилеринин бири AFP агенттигине кол коюу келе жаткан жума күнү болушу мүмкүндүгүн айткан:

"Учурда өкмөттүк жетекчилер деталдардын үстүндө иш алып барып жатышат. Азыр биз жума күнү кол коюу үчүн Вашингтонго визит мүмкүнчүлүгүн караштырып жатабыз".

Ак үй бул тууралуу расмий комментарий берген жок, бирок АКШнын президенти Дональд Трамп Зеленский Украинанын кен байлыктарын биргелешип иштетүү боюнча келишимге кол коюу үчүн 28-февралда Вашингтонго келүүнү пландап жатканын тастыктады.

Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

Reuters агенттиги жана The Hill басылмасы жазгандай, Трамп Зеленскийдин Вашингтонго визит менен келүү планы тууралуу "укканын" журналисттерге айтып берди.

"Албетте, эгер ал муну ишке ашырууну каалап жаткан болсо, мен ага каршылыгым жок", - деп кошумчалады Трамп.

Ошол эле учурда Reuters агенттигинин бул тууралуу кабардар болгон ишенимдүү булагы Зеленскийдин Вашингтонго визити жөнүндө демилгени Ак үй тарап көтөргөнүн билдирди.

Трамп украин лидери Володимир Зеленский менен келишимге кол коюу үчүн ушул аптада же кийинки жумада жолугушу мүмкүн экендигин билдирди.

Басылмалар тараткан маалыматтарга караганда, Вашингтон буга чейин Киевди ынандырбай турган бир топ жагдайларды документтен алып салган.

Негизинен макулдашуунун жаңы вариантында түзүлүп жаткан инвестициялык фондго Киев 500 млрд. доллар салат деген милдеттенме жок. Ошондой эле тараптар бул фондго бирдей ээлик кылышат (буга чейин фонд АКШга гана таандык болот деп айтылып жаткан).

AFP басылмасынын украин бийлигиндеги булагы долбоордо коопсуздук жөнүндөгү берене дагы бар экенин, бирок аны камсыздоодо АКШнын конкреттүү милдеттенмеси тууралуу жагдай камтылбаганын билдирди. Бул Киевдин негизги талаптарынын бири эле.

"Америка суверендүү, гүлдөгөн жана туруктуу Украина үчүн инвестиция жумшайт, ал туруктуу, тынч дүйнө үчүн кызмат кылат жана Америка коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аракеттерди колдойт деген жалпы пункт жазылган",- деп билдирди агенттиктин булагы.

Жакында эле АКШ менен Орусия президенттери телефон аркылуу биринчи жолу сүйлөшүп, анда башкы тема Украинадагы согушту токтотуу болду. Бул тууралуу жаңылык чыккандан кийин Батыш басылмаларынын көбү муну Владимир Путин үчүн ийгиликтүү болду деп сыпатташкан. Ошол эле учурда Зеленский обочодо калды дегендер көп болгон. Көп өтпөй Европа өлкөлөрүнүн лидерлери чукул билдирүүлөр менен чыгып, Украинаны мүмкүн болушунча ыкчам колдоого алууга даяр экендигин айткан.