"Паутина" операциясы. Арзан дрондор Орусияга оңбогондой зыян келтирди

Сүрөттүн булагы, УКК
Украин дрондору жекшемби күнү Орусиянын бир нече аскер аба базасына сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматындагы булагына таянып, Би-Би-Синин украин кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул сокку Орусия Украинага кол салгандан берки эң ири дрон чабуулу болуп калды.
Соккунун натыйжасында 40тан ашык, анын ичинде А-50, Ту-95 жана Ту-22М3 үлгүсүндөгү учактар талкаланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги украин дрондору өлкөнүн аскердик аэродромдорун чабуулга алганын тастыктап, "бир нече авиациялык техника күйүп кеткенин" кабарлады.
Министрликтин маалыматына караганда, дрондор Мурманск, Иркутск, Иваново, Рязань жана Амур облустарындагы аскердик аба базаларга сокку урган.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул чабуулдарды "Киев режими жасаган теракт" деп атады.
Ведомство Иваново, Рязань жана Амур облустарындагы аскер аба базаларына жасалган чабуулдун мизи кайтарылганын билдирди.
Министрлик: "Өрт өчүрүлдү. Аскер кызматкерлери жана жарандык персоналдар арасында курман болгондор жок", – деп кабарлап, чабуулдун айрым катышуучулары кармалганын кошумчалады.
Украинанын Коопсуздук кызматы: Орусия тарап 7 млрд доллар чыгымга учурады

Украинанын Коопсуздук кызматынан алынган маалыматка ылайык, чабуулдун натыйжасында Орусиянын канаттуу ракеталарды алып жүрүүчү стратегиялык учактардын 34% жарактан чыккан.
Украинанын Коопсуздук кызматы "Паутина" аталышындагы атайын операция учурунда каршы тараптын стратегиялык авиациясы болжол менен 7 миллиард доллар чыгымга учураганын билдирди.
Айрым маалыматтарга ылайык, дрондор Орусиянын аймагынан учурулган. Алар жүк ташуучу унаалардан көтөрүлүп чыгышкан. Украинанын Коопсуздук кызматындагы булак чабуулга: "Оленья" (Мурманск облусу), "Белая" (Иркутск облусу), "Иваново" (Иванов облусу) жана "Дягилево" (Рязань облусу) аба базалары кабылганын жазды.

Сүрөттүн булагы, УКК
Чабуулга кабылган аймактардын башчылары эмне дейт?
Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев дрондор фурадан учурулганын, унаа кармалганын билдирди.
Орусиялык чиновник Сибирге биринчи жолу дрондон чабуул жасалганын кошумчалады.
Кобзевдин айтымында, дрондор Средний айылындагы аскердик бөлүккө чабуул жасашкан. Бул калктуу конуш Усолье-Сибирское кыштагына жакын жайгашкан, ал эми анын жанында "Белая" аттуу аскердик аба база бар.
Мурманск облусунун губернатору Андрей Чибис да дрондор облустун аймагына сокку урганын ырастады.
Социалдык тармактарда жарыяланган видеодо окуянын күбөсү Оленегорск шаарына жакын жерде токтоп турган жүк ташуучу унаадан дрондор учуп чыкканын айтып берген.
Оленегорсктун жанында Орусиянын стратегиялык "Оленья" авиабазасы жайгашкан.
Орусиялык телеграм-каналдарда дрондор көрүнүп, ок атылганы угулган видеокадрлар жарыяланууда.

Сүрөттүн булагы, УКК
"Паутина" операциясы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Синин Украинанын Коопсуздук кызматындагы маектеши атайын операция "Паутина" деп аталып, аны атайын кызматтын башчысы Василий Малюк өзү жетектегенин жазат.
"Учурда Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын ооругундагы аймактарда душмандын бомбалоочу учактарын жок кылууга багытталган атайын ири операцияны жүргүзүп жатат. Дрондор күн сайын украин шаарларын бомбалап жаткан учактарга сокку урушууда. Азырынча 40тан ашык учак жарактан чыкканы маалым, алардын арасында А-50, Ту-95 жана Ту-22М3 да бар", — деди өз булак.
Украин атайын кызматтары көрсөткөн видеолордун биринде Иркутск облусундагы "Белая" аба базасы деп сүрөттөлгөн жерде өрт чыгып жаткан көрүнүш тартылган.
Ошол эле учурда бир нече орусиялык телеграм-каналдар дрондор көрүнүп, ок атышуу угулган видеолорду жарыялашты.
Маалыматтарга ылайык, бул кадрлар "Белая" жана "Оленья" базаларынын айланасында тартылган.
Shot телеграм-каналы украин дрондору учурулган болушу мүмкүн делген фуранын сүрөтүн жарыялады.
"Фурадан учуп чыккан дрондорду Иркутск облусунда гана эмес, Мурманск облусунда да көрүшкөн. Эки учурда тең жергиликтүү тургундар бирдей көрүнүштү сүрөттөшөт: жүк ташуучу чоң унаа жол боюнда токтоп, андан учкучсуз учактар учуп чыккан", — деп айтылат кабарда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Мурманск облусунда жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалып, учурда сурак берүүдө.
Эки окуяда тең FPV-дрондор колдонулган, алар алыстан башкарууга ылайыкташтырылган өзгөчө программалык камсыздоого ээ болушу мүмкүн экени айтылууда.
"Белая" аба базасы Сибирде, Украинанын чек арасынан дээрлик 4,5 миң чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал эми "Оленья" аэродрому Мурманск облусунда, Украинадан болжол менен 1,7 миң чакырым алыстыкта орун алган.
Булак: дрондор жүк ташуучу унааларга катылган үйлөрдөн учуп чыгышкан
Би-Би-Синин өз булагы Орусиянын аскердик аэродромдоруна жасалган дрон чабуулуна кандай даярдык көрүлгөнүн да айтып берди.
Анын билдиришинче, бул операция бир жарым жылдан ашык убакыт даярдалган, анын жүрүшүн Украинанын президенти Владимир Зеленский өзү көзөмөлдөп турган. Ал эми операцияны Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк жана атайын кызматтын кызматкерлери ишке ашырган.
Өз булак украин дрондору авиабазаларга жакын токтогон жүк унааларынан учурулганын тастыктады.
"Атайын кызмат адегенде FPV-дрондорун, кийинчерээк мобилдүү жыгач үйлөрдү Орусиянын аймагына жөнөткөн. Андан соң бул дрондор жүк унааларына жүктөлгөн жыгач үйлөрдүн чатырынын астына жашырылган. Үйлөрдүн чатылары керек учурда алыстан башкаруу аппарат менен ачылып, дрондор учуп чыгып, Орусиянын бомбалоочу учактарын бутага алган", – деди өз булак.
Би-Би-Синин маектеши тарыхый операцияга катышкан адамдар эбак Украинага кайтып келгенин билдирди.
Ал дрондор тартылган сүрөттөрдү да көрсөттү, бирок Би-Би-Си алардын аныктыгын тастыктай алган жок.

Сүрөттүн булагы, Zelenskiy/Official/Telegram
"Бул орус Перл-Харбору". Z-блогерлер эмне жазып жатышат?
Авиабазаларга чабуул жасоодо колдонулган дрондор атайын кутулардан учуп чыкканын орусиялык Z-блогерлер да тастыкташууда.
"Дрондор өтө жакын аралыкта колдонулгандыктан, алардан учактарды сактап калуу мүмкүн эмес болгон. Ошондой эле аларга каршы "Панцирь", С-300 сыяктуу системаларды колдонууга да мүмкүндүк болгон жок. Менимче, бул чабуул Абадан коргонуу күчтөрү үчүн да күтүлбөгөн окуя болду", – деп жазат Fighterbomber телеграм-каналынын автору.
Анын айтымында, бул күн кийинчерээк Орусиянын авиациясы үчүн кара так катары эсте калат.
"Мындай чабуулга кандай жана эмне менен жооп кайтаруу мүмкүн экенин элестете албай жатам. Бизге учак бере ала тургандай өлкөлөр да жок. Башкы штабдын башчысы бул тууралуу эмне деп ойлоп жатты экен?" — деп жазат Курск облусунун мурдагы губернаторунун кеңешчиси болгон жана белгилүү Z-авторлордун бири Роман Алехин.
Ал бул окуяны "Орусиянын Перл-Харбору" деп мүнөздөдү.
"Тирешүүнүн жаңы этабы башталды. Чындыгында, эртеби-кечпи алыскы аймактарга FPV- учкучсуз учактары чабуул жасамак. Азыр канчалык ачуу болсо да, чындыкты айтуу маанилүү", – деп кайгырган "Комсомольская правданын" согуштук кабарчысы Александр Коц.
"Бомбалоочу учактар Советтер Союзу учурунда жасалган жана алар "кайра калыбына келбеген стратегиялык ресурс", — деп жазат Romanov Лайт аскердик каналы.
"Душмандардын ресурстары "Белая" аба базасына жасалган соккуда дагы эки Ту-160 учагы жабыркашы мүмкүн болчу деп жазышууда. Бул Ту-95ти кошкондо кеминде тогуз учак жарактан чыкты деген сөз", — деген теле алып баруучу Руслан Осташко.
"Бул өзөктүк стратегиялык күчтөрдүн тең салмактуулугуна түздөн-түз доо кетирүү. Бул биздин өлкөнүн өзөктүк коопсуздугу төмөндөдү дегендик", – деп кооптонушкан "Два майора" каналынын авторлору.
Ал эми согушту чагылдырган "Рыбарь" каналы Орусиянын Коргоо министрлиги болуп жаткан окуялар боюнча ыкчам комментарий берүүгө даяр эместигин дагы бир жолу далилдегенин белгилейт:
"Талуу жерге уруп, хаос болгон сайын Орусиянын Коргоо министрлиги "ката" кетирип, маалымат иши аксап, башын кумга тыгып, эч нерсеге реакция жасабай отурушат".
Зеленский: "Тарыхта кала турган эң сонун жыйынтык"
Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-июнь күнкү кечки кайрылуусунда Украинанын Коопсуздук кызматынын операциясы тууралуу кеңири маалымат берди.
Анын айтымында, операцияга бир жарым жыл даярдык көрүлгөн.
"Эң кызыгы, муну азыр ачык эле айтууга болот – биздин операциябыздын "офиси" Орусиянын облустарыныны бириндеги ФСБсынын башкармалыгына жакын жайгашкан", – деди Зеленский.
Украинанын президенти операцияда жалпысынан 117 учкучсуз учак колдонулганын айтты.
"Ошондой эле тиешелүү санда дрон операторлору иштеп жатты. Аэродромдордо жайгашкан, стратегиялык канаттуу ракета алып жүрүүчү учактардын 34 пайызы талкаланды", — деди Зеленский.
"Биздин кишилер Орусиянын ар кайсы аймактарында – үч убакыт алкагында иштешкен. Сонун жыйынтык. Албетте, биз азыр баарын айта албайбыз, бирок украиналыктардын бул аракеттери сөзсүз түрдө тарых китептеринде калат. Операцияны даярдап жаткан биздин адамдар өз убагында Орусиянын аймагынан чыгарылып кеткен", — деп кошумчалады Зеленский.
Авиабазаларга урулган сокку орус аскерлеринин согуштук жөндөмдүүлүгүнө кандай таасир этет?
Павел Аксенов, Би-Би-Синин орус кызматынын аскердик баяндамачысы:
Стратегиялык авиациянын учактарына сокку уруу – эң эффективдүү аракеттердин бири. Бул ачык мейкиндиктеги чоң буталар жана алар абдан аялуу болуп саналат. Мындай бомбалоочу учактарга жасалган сокку аларды иштен чыгарат".
Украин булактары, OSINT изилдөөчүлөрү жана орусиялык согушту колдогон блоггерлер Ту-95 жана Ту-22М3 учактары жок кылынганын кабарлашууда. Ту-95МС ракета алып жүрүүчү – бомбардировщиктин акыркы модификациясы, анын базалык версиясы 1950-жылдары өндүрүштөн чыккан. 1980-жылдары сериялык түрдө чыгарылган, ошол эле жылдары Ту-22М3 ишке киргизилген.
Башкача айтканда, бул учактар 30 жылдан ашык убакыттан бери массалык түрдө чыгарыла элек жана алардын көптөгөн тетиктери жок. Кээ бир нерселерди башка учактардан алса болот. Бомбардировщиктер канчалык деңгээлде талкаланганын аныктоо кыйын, бирок алар кеминде эле кайсы бир убакытка чейин уча алышпайт.
Интернет айдыңында украиналыктар тогуз учакты жок кылганы айтылып жатат. Бул Орусиянын стратегиялык күчтөрүнүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизиши күмөн.
Украинанын Коопсуздук кызматы жоготуулар алда канча көп экенин, 40 учак талкаланганын, анын ичинде А-50 учуучу радар, Ту-95 жана Ту-22М3 бар экенин кабарлоодо. Эгер бул чын болсо, анда алыскы жана стратегиялык авиация үчүн чыныгы катастрофа деп эсептесе болот.
Бирок азыр аэродром сыяктуу буталардын коопсуздугун күчөтүү керек болот. Кошумча абадан коргонуу системаларын, радио электрондук согуш системаларын жайгаштыруу, коопсуздук кызматкерлеринин санын көбөйтүү зарыл.
Булардын баарын ишке ашыруу абдан көп каражатты жана күч-аракеттерди талап кылат.
Анализ: Орус бомбалоочу учактарынын өрттөлгөн кадрлары – Стамбулдагы украин делегациясынын карталары
Святослав Хоменко, Би-Би-Си кабарчысы:
Жакында мага украин бийлигинин бир өкүлү "америкалыктар менен болгон мамилебиздеги башкы көйгөй — алар кандайдыр бир себептен улам бизди согушта жеңилип калды деп эсептешет. Ошондуктан алар бизге эң жумшак капитуляция шарттарын сунуштап, биз алардын бул аракетин баалабай жатканыбызга абдан капа болушту" деп айтты эле.
Ал "биз жеңилип калдык деп эсептебейбиз" деген.
Бул сөздөр украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы алдында өтө маанилүү деп ойлойм.
Ооба, биз орус тарап даярдап жаткан меморандумдун мазмунун билбейбиз. Бирок Москвада Киевдин капитуляциясын талап кылары ачык көрүнүп турат.
Украинага канча күндөн бери токтобостон дрон жана ракета менен чабуул жасап жатканы – мунун далили болуп эсептелет.
Алар "карагылачы, абал оор. Кол коюңуз, колуңузда башка карталар жок. Эй, америкалык жолдоштор, басым кылыңыздар, баары ансыз да чечилген" деген ишарат жасап жатышат.
Украина орус авиациясына дрондон чабуул жасоо менен эч нерсе чечиле электинин тастыктады.
Орусиянын Аскердик космос күчтөрүнүн күйүп кеткен стратегиялык бомбалоочу учактарынын сүрөттөрү – украин делегациясынын колундагы "карталар".
Ошондуктан азыр Киев бир жагынан сүйлөшүүнү эрте өткөрүүгө кызыкдар. Себеби бул сүрөттөр, башкача айтканда, "карталар" азыр эстен кете элек.
Бул сүрөттөр, тактап айтканда, карталар бүткүл дүйнөгө көрсөтүлгөндөн кийин Владимир Зеленский украин делегациясы Стамбулга барарын жана аны коргоо министри Умеров жетектей турганын бекеринен айткан эмес окшойт. (АА)































