УИА реформасы: оптимизациядан кийин интеграция

Кыргызстанда Улуттук илимдер академиясынын бир нече институтун жогорку окуу жайларга интеграция кылуу жөнүндө президенттин жарлыгы чыкты.
Президенттин жарлыгына ылайык, УИАнын Түштүк бөлүмүнүн гуманитардык жана регионалдык изилдөөлөр институту ОшМУга, экономика институту менен энергетика институтунун экономикалык блогу КЭУга өткөрүлөт. Ошондой эле геомеханика жана жер казынасы, геология, машина таануу, жаратылыш ресурстары илим изилдөө институттары КТУга, биология, биотехнология институттары Кыргыз агрардык университетине, математика, физика, химия институттары Кыргыз Улуттук Университетине, тоо физиологиясы жана медицина институту Медициналык академияга интеграция болушу керек.
Улуттук Илимдер академиясы СССРдин Илимдер академиясынын филиалы катары дүйнөлүк экинчи согуш күчөп турган 1943-жылы ачылган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин академиялык илимге мурдагыдай көңүл бурулбай калды, каржылоосу кыскарды. Академия өзү дагы рынок талаптарына ыңгайлаша албай, өкмөттүн көзүн караган мекеме болуп, өнүгүүдөн калды.
УИАны реформалоо демилгеси 2010-жылдан бери кызуу талкууланып келди. Академияга кеткен чыгым акталбай жатат деп, аны реформалоо демилгесин айткандар бир тараптан чыкса, экинчилери бул мекеме болбосо, илим шамы таптакыр өчөт деп каршы болуп келишти.
Айрым маалыматтарга караганда, академияда жылына миңдей илимий макала жана монография жарыяланат, он чакты илим доктору, ондогон илимдин кандидаттары даярдалат.
Академиянын бир жылдык бюджети 500 миллион сомдун тегерегинде. Бул каражат эмгек акы төлөгөнгө жана коммуналдык чыгымдарга гана кетчү. Ал эми илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик казынадан каралган каражат жетчү эмес.
Академия өзү менен өзү болуп калды, коомдогу маанилүү маселелерден четте турат, аны башка форматка өткөрбөсө болбой калды деген сындар Жогорку Кеңештен көп айтылган.
УИАнын аткарган иши жөнүндө коомчулукка маалымат жеткирүү да жакшы колго алынган эмес, академиянын соңку жылдардагы ишинин отчету ЖМКларда, интернет булактарда жарыяланган эмес.

Сүрөттүн булагы, naskr.kg
"Тирүүлөй бырчалоо"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул чечим чыгардын алдында УИАнын азыркы учурдагы ишмердиги жөнүндө кызуу-талаш-талкуулар болду. Академия өзүнүн дарегине айтылган көп сындан кийин, 2016-жылы бир топ институттарды бириктирип, өзүнүн түзүмүн оптималдаштырды. Төрт вице-президенттин орду кыскарды, академия курамындагы 36 институттан 22 эле калган. Ошондой эле бардык чыгымдарды максималдуу азайтуу керектиги да каралган. Бирок ал реформа ара жолдо калып, натыйжасына эч ким канааттанган эмес.
«Академиялык илимди 2015-жылы оптимизация кылабыз дешти, бирок бүгүнкү күнгө чейин экономикага салымын көрө элекпиз. Бул жааттагы илимий ишмердүүлүктүн жыйынтыгын көрбөй жатабыз. Ошондуктан ушул академиялык илимдин тегерегинде сын-пикир көп болуп жатат»,-деген Би-Би-Сиге Билим берүү жана илим министрлигинин илим департаментинин мурдагы башчысы Гулзада Билбаева.
УИАны баштапкы калыбында сактап калууга анын фундаменталдык жана прикладдык илимдер тармагындагы саясатты координациялайт деген Конституциядагы статусу да жардам берген жок.
Өкмөттүн УИАнын реформалоо планына каршы чыккан академиктер, андагы окумуштуулар бул процессти "тирүүлөй бырчалоо" деп атап, каршы болушту.
“Илимдер академиясы” деген – жөн гана аталыш эмес: бул – негизги мамлекеттик атрибуттардын бири болуп эсептелет. Мисалы, театрлар, мектептер жана башка кесиптик окуу жайлары сыяктуу коомду агартуучу, экономиканы илимий жол менен башкаруучу аспап катары колдонула турган расмий мекеме. Академиянын материалдык-техникалык базасын (пансионаттар, тажрыйба аянттары, ботаникалык бактар ж.б.) талап алууга кызыкдар таасирдүү топтордун жасаган иши деген божомолдор бар. Негизги фундаменталдык жана прикладдык илимий-изилдөө институттары ЖОЖдорго "белек" катары таратылып берилиши - ал илим тармактарын талкалоо дегенди билдирет»,-деп жазды УИАнын “Илим” басмасынын директору Карыбек Байбосун.
Академияны реформалоо планын жактагандар аны "тирүүлөй бырчалашка" зарылдык жок, анткени ал эчак эле комада жаткан мекеме болчу деп жооп кайтарышты.
“Ал салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жылына жалпы суммасы жарым миллиард сомго жашайт, бирок кайта отчет, макала, диссертация жана конференциядан башка эчтеке бербейт. Баса, 2018-жылы ЖАКтын бир белгилүү ишинде анын отчетун текшергенде, плагиаттын деңгээли 90% ашык болгон”,-дейт экономика илимдеринин доктору, профессор Батыркул Баетов.
«Азыркы замандар илим төрт заказчиктин тапшырмаларын аткарат - мамлекеттик түзүмдөр, муниципалитет, жеке сектор\бизнес жана эл аралык уюмдар. Ошол эле убакта илим изилдөө басымдуу түрдө жогорку оку жайларында, сейрек түрдө тармактык институттарда жүргүзүлүп, конкреттүү регионду, тармакты тейлейт. УИАдагы эгемендик жылдары аты угулбаган, эч ким көрбөгөн экономика институтун кармоонун кандай зарылдыгы бар?”
Укуктук-нормативдик база жок
Ошол эле убакта илим-изилдөө институттары жогорку окуу жайларына интеграция болгондо жакшы өнүгүп кетүүгө тийиштүү шарт барбы деген дагы суроо бар.
«Себеби, биздин укуктук-нормативдик базабыз жок. Мыйзамдарда дагы ЖОЖдордогу илимий ишмердик туурасында конкреттүү механизмдер жок. ЖОЖдордогу билим берүү тууралуу мыйзамда илимий ишмердүүлүктү каржылоо туурасында эч нерсе айтылган эмес. Эч бир берене жок. Бүгүнкү күндө эл аралык алдыңкы универстеттердин модели 4.0 дейбиз. Анын негизги компоненти бул илим жана инновация. Ал эми бизде акыбал кандай?»-дейт Гулзада Билбаева.
Кыргызстанда улуттук кирешенин болгону 0,01 пайызы илимге бөлүнөт. (КС)































