19-август. Жаңылыктар
Садыр Жапаров Никол Пашинян менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров 19-августта Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19-20-августта өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумунун алкагында өттү.
Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн бардык жагымдуу шарттар бар экенине токтолду.
Мамлекет башчысы буга байланыштуу аталган багыттагы иштерди күчөтүүнү сунуштап, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын биринчи жыйынын мүмкүн болушунча тез арада өткөрүүнүн маанисин белгиледи. (MD)

Сүрөттүн булагы, president.kg
Афганистандагы 15 кыргыз жараны АКШ көмөгү менен эвакуацияланды
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Министр Руслан Казакбаев 18-августта АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер менен жолугуп, Кошмо Штаттарга Афганистандан 15 кыргыз жаранын Казакстан менен бирге коопсуз эвакуация кылууга жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошону менен катар Сириядагы жана Ирактагы кыргызстандык аялдар менен балдарды биргелешип алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү жагы да айтылды.
Америкалык дипломат Кыргызстандын 500 афган студентине гуманитардык виза берүү демилгесин кубаттады. (EK)
Чолпон-Атада ЕАЭБдин саммити өтөт

Сүрөттүн булагы, GOV.KG
19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Маалыматты министрлер кабинетинен билдиришти.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат”, - деп жазылат маалыматта.
Иш-чарага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышышат.
Саммитке байкоочу катары видеоконференция аркылуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышышат.
Ал эми мамлекет башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, Биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.
Аталган жыйынга байланыштуу Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы негизги автотрассаларга чектөө киргизилерин Ички иштер министрлиги эскертти. (MD)
Фарид Ниязов: УКМК менен ИИМ жоопкерчиликтен качууда
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет учурда тергөө абагында жаткан, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө жооп кайтарды. УКМК тараткан билдирүүдө Фарид Ниязов өзүн саясий туткун катары көрсөтүп жатканы айтылат.
“Фарид Ниязов учурда кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча айыпталууда, ал бийликте турган кезинде коомго жана өлкөгө зыян келтирген. Ага байланышкан иштерде Ниязов негизги фигурант катары эсептелет, ИИМ кызматкерлери Кыргызстандын паспортторун чет өлкөлүктөргө мыйзамсыз берүү фактысын тергеп жатат. Бул иш аягына чыгып, сотко өткөрүп берүү алдында турат. Сот андан ары Фарид Ниязовдун ишине укуктук баа берет”, - деди УКМКдан.
Фарид Ниязов кечээ “Сапат” билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандыга Кыргызстандын жарандыгын берүү маселеси тууралуу айтып чыккан. Анда Ниязов “чет өлкөлүк атайын кызматка кыргыз жаранын уурдатып жиберишкен, УКМК жана ИИМ жоопкерчиликтен качып, бул тууралуу элдин көңүлүн башка нерсеге бурдуруу аракети болууда” деген болчу.
Быйыл 31-майга караган түнү теги түркиялык, кыргыз жараны Орхан Инанды өзү жашаган үйдүн короосунан уурдалып кеткен. Түркиянын президенти Эрдоган 5-июлда Орхан Инанды Түркияга алынып келингенин айткан эле. Бул окуядан кийин кыргыз бийлигине да, түрк бийлигине да түрдүү сын-пикирлер айтылып, азыркыга чейин коомчулукта кызуу талаш-талкуу жүрүүдө. (ErA)
Ашраф Гани Бириккен Араб Эмиратында жүргөнү маалым болду
Талибан бийликке келгенден кийин Кабулдан качып кеткен өлкө президенти Ашраф Гани БАЭде жүргөнү маалым болду.
Өзүнүн видео кайрылуусунда Гани өлкөдөн качып кеткенин четке кагып, “чоң кырсыктын” алдын алуу үчүн чыгып кеткенин айтты.
Гани Афганистанга мүмкүнчүлүк жаралары менен кайтып келерин айтып, баштыктагы акчалар менен качып кетти деген маалыматтарды төгүндөдү.

Сүрөттүн булагы, ASHRAF GHANI/FACEBOOK



























