"Түрксой": майда иштерден маанилүү маселелерге өтүүнүн маалы

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, Кыргыз эл артисти Геннадий Базаров жана венгр акыны жана мамлекеттик ишмери Шандор Лежак "Түрксой" эл аралык уюмунун алтын медалы менен сыйланышты. Аларга бул сыйлык чыгармачылыктагы зор жетишкендиктери жана түрк дүйнөсүнүн маданий казынасын байытууга кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Лауреаттарга сыйлыкты тапшыруу 26-июнда Бишкекте Улуттук китепканада Кыргызстандын маданий коомдук ишмелеринин катышуусунда өттү.

Шандор Лежак өзүнүн демилгеси менен венгр тилинде жарык көргөн “Манас” эпосунун биринчи нускасын Улуттук китепканага тартуулады. Жаңы китептин бет ачарын ТҮРКСОЙ, Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги жакында өзүнчө өткөргөн жатат.
Эпосту венгр тилине белгилүү түрколог Дауд Кара которгон.
Саякбайдын эстелиги Будапештте тургузулат

Шандор Лежак Венгриядагы таланттуу жана таанымал калемгер эле эмес, саясий чоң ишмер экен. Султан Раевдин айтымында, өлкөдөгү төрт чоң таасирлүү саясатчынын бири, карылуу ишкер. "Чыгышка карай жол" концепциясынын негиздөөчүсү, Венгр парламентинин вице-спикери.
Султан Раев Венгрияда Саякбай манасчынын эстелигин тургузуу жөнүндө Лежак мырза менен сүйлөшкөнүн мурда эле кабарлаган болчу. Бишкектеги жолугушууда Шандор Лежак өзү бул маалыматты дагы бир жолу тастыктап кетти.
"Өзөгүбүз бир"
Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп дайындалганына бир айдан ашып калды. Мурда бул уюмду Казакстандын өкүлү жетектеп турганда анын ишмердиги майда болуп жатканы жөнүндө сын пикирлер айтылып келген эле. Ошондуктан, жаңы жетекчи уюмдун ишмердигин жаңы деңгээлге көтөрүп, бүтүн түрк элдеринин маданий кызматташтыгын чыңдоонун жаңы багыттарын, эффективдүү формаларын таба алабы деген чоң суроо турат.
Бишкектеги жыйында баш катчы түрк тилдүү республикалардын маданий кызматташтыгын өнүктүрүүдө пландалган иш чаралар жөнүндө Би-Би-Сиге өзүнчө айта кетти.
"Азыркы күндө биздин негизги багытыбыз түрк дүйнөсүндө маданий интеграцияны өнүктүрүү. Жакында биринчи жолу түрк дүйнөсүнүн жазуучуларынын форумун өткөрөлү деп атабыз. Ошондой эле түрк дүйнөсүнүн эл аралык театр, музыка фестивалдарын пландап атабыз. Аны менен чектелип калбай, азыркы замандын чакырыктарына жалпы түрк дүйнөсүнүн көз карашы кандай, дүйнөдөгү орду кандай, мына ушунун баарына көңүл буруп атабыз. Түрк мамлекеттеринин уюму, Түрксой жалпы тилдик руханий биримдиктин негизинде түзүлгөн өзгөчө коом. биздин өзөгүбүз, тамырыбыз бир",-деди Султан Раев.































