Кадр жана билимдин жетишсиздиги. Төрөтканадагы үч өлүмдүн себеби айтылды

Published

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

36 жаштагы Мамбетова Гүлмира жана 22 жаштагы Таластагы жаш эне
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төрөттө каза болгон 36 жаштагы Мамбетова Гүлмира жана 22 жаштагы Таластагы жаш эне

Төрөтканада каза болгон үч аялдын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар ачыкталууда. Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгы ар бир окуя боюнча текшерүүдөн кийинки маалыматты Би-Би-Сиге берди.

Үч аялдын тең сөөгү убагында медициналык экспертизадан өткөзүлгөн. Эки аялдын өлүмү боюнча Ички иштер министрлиги кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине ылайык, (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) иш козгогон.

№4 Шаардык перинаталдык борбор

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, №4 Шаардык перинаталдык борбор

Эске салсак, ушу жылдын 5-февралында Бишкектеги №4 төрөтканада жыйырма тогуз жаштагы келин кесарева учурунда каза болгон. Бул келиндин үчүнчү төрөтү болчу.

Окуя боюнча Саламаттык сактоо министрлиги алдында түзүлгөн комиссия текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, төмөнкүдөй маалыматтарды беришти.

Келин №4 төрөтканага чейин Бишкектеги профессор Асымбекованын жеке клиникасында каттоодо болуп, ошол жактагы дарыгерлерге көрүнүп жүргөн. Бирок, жыл жаңырар алдында белгисиз себептерден улам клиниканын каттоосунан жолдошу экөө келип чыгып кеткен.

Жеке клиниканын дарыгерлери анын экстрагениталдык патология (боюнда барда чалдыгуучу оору) оорусу менен жабыркарын эскертип, каттоодон чыкпоо боюнча сунуштарын беришкен. Бул учурда эле келиндин кан басымы көтөрүлүп, денесин шишик басып калганын Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясына айтып беришкен.

Профессор Асымбекованын жеке клиникасы

Сүрөттүн булагы, clinic.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Профессор Асымбекованын жеке клиникасы

Келин 4-февраль күнү №4 төрөт үйүнө келген. Комиссиянын маалыматында, ал күнү келин оор ахыбалда болгон. Кесарево башталгыча эле кан басымы төмөндөп кеткен. Жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Бирок, көрсөтүлгөн жардамга карабастан келин каза болуп калганы айтылды.

Комиссия, экспертизанын алдын-ала корутундусуна таянуу менен келин тирүү кезинде экстрагениталдык патология деп коюлган диагноз, өлүмгө себеп болгонун билдирип жатат. Бирок, териштирүү иштери муну менен эле бүтө электигин, дагы уланып жатканын, акыркы бүтүм кийинчерээк айытыларын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын жетекчиси Нүргүл Ибраева билдирди.

Медициналык сыр деген жүйө менен келиндин аты-жөнүн дарыгерлер ачыкташкан жок. Ошол себептен жакындары менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат. Ошондой эле маалыматты дагы тактоо үчүн профессор Асымбекованын жеке клиникасына бир нече ирет кайрылып, маалымат ала албадык.

Тогуз баланы энесиз калтырган чулгандуу төрөт

Мамбетова Гүлмиранын жолдошу, балдары жана сиңдиси

Сүрөттүн булагы, ULUKBEK KARYBEK UULU

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жайыл райондук төрөтканада каза болгон 36 жаштагы Мамбетова Гүлмиранын жолдошу, балдары жана сиңдиси

Жайыл аймактык төрөтканасында тогузунчу баласын төрөгөн отуз алты жаштагы аялдын өлүмү резонанс жаратты.

Отуз алты жаштагы Мамбетова Гүлмира 10-февраль күнү, Жайыл аймактык төрөтканага барып, 11-февраль таңкы саат төрткө чукул төрөп, андан кийин абалы начарлап, каза болгон. Жолдошунун айтымында, ал он үч саат толгоо тарткан. Бул учурда дарыгерлер жакындарына келиндин абалы тууралуу маалымат беришкен эмес жана алардын кесарева кылгыла деген суранычына көңүл бурулган эмес. Ошондой эле жакындарына дарылардын түрүн алдыртышкан.

Тогузунчу төрөтүндө каза болгон 36 жаштагы Мамбетова Гүлмира жолдошу менен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тогузунчу төрөтүндө каза болгон 36 жаштагы Мамбетова Гүлмира жолдошу менен
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул боюнча текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, жаңы жагдайлар ачыкталып жатат.

Төрөтканада акушердин кесарева жасагыдай медициналык квалификациясы болгон эмес. Ал бул тууралуу билсе дагы, борбордон санитардык авиацияны абдан кеч чакырган. Комиссия текшерүү учурунда эгерде төрөткана жетекчиси жана башкы дарыгер убагында чара көрүп, борбордон дарыгерлерди ыкчам чакырганда аялдын өмүрүн сактоого мүмкүн болчу деген тыянакты чыгарышкан. Ошондой эле дарыгерлер бейтаптын жакындарына ооруканада бар дарыларды алдырта беришкен. Мындан улам, төрөткананын жетекчиси жана башкы медайым кызматтан алынды.

Каза болгон келиндин жакындары, акыйкаттык издеп, бүгүнкү күнгө чейин тынымсыз видео кайрылууларды чыгарышууда. Алар дарыгерлер кызматтан алынып эле тим болбостон, кылмыш жоопкерчилигине тартылып, дипломдору жокко чыксын деген талаптарды коюп жатышат.

Учурда бул иш боюнча Жайыл райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп (146-берене), сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталды.

Жайыл аймактык оорукананын жетекчиси Болот Майканаев

Сүрөттүн булагы, imu.edu.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 36 жаштагы келиндин өлүмүнөн кийин жумуштан алынган Жайыл аймактык оорукананын жетекчиси Болот Майканаев

Талас төрөтканасындагы жаш эненин өлүмү

Талас аймактык ооруканасы

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талас аймактык ооруканасы

Ушу жылдын 3-январында Талас райондук төрөтканада жыйырма эки жаштагы эненин өлүмү боюнча маалымат коомчулукка 20-февраль тагырагы, окуядан бир жарым ай өткөндөн кийин кабарланды. Окуя тууралуу аймактык милицияга ошол эле күнү маалымдалып, келиндин жолдошу аялынын өлүмүнө күнөлүүнү таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган.

Бул боюнча кылмыш жаза кодексинин 146-берененин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери байкалгандыктан кымыш иши козголгонун милиция билдирди жана медициналык экспертизанын корутундусун күтүп жатканы айтылды.

22 жаштагы келин
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 22 жаштагы келиндин өлүмү боюнча медицина кызматкерлерине 146-берене менен иш козголгон

Жаш эненин жолдошу Би-Би-Сиге билдиргендей, келин төрөт залына таңкы саат 05:30 чамасында кирген. Бир сааттан соң медайым чыгып, жолдошуна келин талмасы кармап, жыгылып калганын айткан.

“Палатага киргенде эле аялымдын каза болуп калганын түшүндүм. Ошол маалда медайымдар тамчылатма дары куябыз деп тамырын таппай жатышыптыр. Бирок мен көрүп эле, кеч болуп калганын түшүнүп, аялымдын үзүлүп кеткенине көзүм жетти. Төрөт залына киргиче келинчегим экөөбүз телефондон сүйлөшүп турганбыз. Экспертиза бир апта мурун кеткенин Бишкектен билдиришти. Бирок, бияктагы милиция келе элек деп жатышат. Эмнени жашырып жатышат билбейм”, - деп билдирди келиндин жолдошу Эламан Дайырбек уулу.

Бул жаш эненин экинчи төрөтү болчу.

Талас аймактык ооруканасы

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талас аймактык ооруканасы

Саламаттык сактоо министрлиги алдындагы атайын комиссия, келин Бета (β) - гемолитикалык стрептококк (микроорганизмдеги клетканын түзүлүшү бузулуп, ден соолук үчүн олуттуу коркунуч туудурат) оорусу менен жабыркаган деп билдирүүдө.

Бул оорунун белгилери буга чейин байкалган эмес. Келин төрөт учурунда амниотикалык суюктуктун эмболиясы (төрөлө элек баланы курчап турган суюктук же түйүлдүктүн клеткалары, чачтар же башка калдыктар канга кирип кеткен учур) күчөп, абалы чукул начарлап, реанимациялык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан жаш энени сактап калуу мүмкүн болгон эмес дешет. Наристе курсактан эле чарчап калганы айтылган.

Би-Би-Сиге маалымат берген медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын жетекчиси Нүргүл Ибраеванын айтымында, бул диагноз менен өлүм секунда, мүнөттүн ичинде болуп кетиши мүмкүн. Келин операциясыз өзү төрөгөн. Анын төрөт таржымалы буга чейин жакшы болгонун, абалы тез эле начарлап, сактап калуу мүмкүн болбой калганын кошумчалады.

Ошондой эле, Чат-Базар ооруканасында төрөт бөлүмүндө медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги дагы аныкталган. Учурда текшерүү дагы деле уланып жатканы айтылды.

Учурда төрөтканада көз жумган үч аялдын экөөсүнүн наристелери аман-эсен жакындарына өткөрүлүп берилген.

“Кадр маселеси курч турат…”

Соңку окуялар төрөтканадагы аялдардын коопсуздугун кайрадан күн тартибине чыгарды. Жыл башынан бери эле төрөтканада ачыкка чыккан төрт аялдын өлүмү катталды.

Кыргызстанда төрөтканадагы аялдардын өлүмү байма-бай катталып келет. Буга байланыштуу дарыгерлер көбүнэсе коомдун жемелөөсүнө кабылышат. Министрлик аймактарда медициналык кадрдын жетишсиздиги маселенин бирден бир себеби экенин айтууда.

“Жайыл району, Ысык-Ата району, Кеминде медициналык адистер жетишпейт. Төрөт бөлүмдөрүндө жумуш аябай оор болот. Чыдагандар чыдап иштейт, чыдабагандар кетип калат. Айлык маяна дагы аз. Ошого дагы адистер токтобойт. Кадр маселеси курч бойдон турат. Кадр болгон күндө деле анын потенциалы дагы мааниге ээ. Мисалы, Жайыл районундагы 36 жаштагы тогуз баланын энесинин өлүмү бизге азыр аябай сабак болду”, - медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын жетекчиси Нүргүл Ибраева.

Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын жетекчиси Нүргүл Ибраева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын жетекчиси Нүргүл Ибраева

Азыркы тапта Жайыл аймактык төрөтканага иштей турчу акушер-гинеколог табыла элек. Буга байланыштуу, азыр нөөмөт менен Бишкектен адистер жөнөтүлүп жатат.

Кыргызстандагы төрөтканадагы абалды жакшыртып, өлүмдөрдүн санын азайтуу үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен адистер жыл сайын Москвага барып, атайын окуудан өтүп келишет. Ошондой эле өлкө ичинде дагы дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу үчун бир катар окуулардан өтүп турарыын министрлик билдирүүдө.

Борбор Азия өлкөлөрү ичинен Кыргызстанда төрөттөгү аялдардын саны көп катталат деген статистикалык маалыматтар бар. Муну дарыгерлер дагы жашырышпайт. Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын төрөттөгү өлүмдүн саны 4-5ке азайганы менен Кыргызстан үчүн көрсөткүч жогору бойдон калып жатканын айтты.