Кыргызстанда аял саясатчылар жапырт зомбулук көрүүдөбү?

Published

Кыргызстанда саясатка барган айымдар зомбулуктун бардык формасына туш болуп жатканы Бишкекте жарыяланган атайын изилдөөдө айтылат.

Аял активиттердин маршы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аял активисттердин маршы

“Бүгүнкү күндө саясатчы аялдардын 97% зомбулукка кабылууда. Анын ичинде физикалык, сексуалдык жана экономикалык, айтор зомбулуктун кандай түрү болсо, ошону баары бар. Эң чоң көрсөткүч жыныстык зомбулук. Изилдөөнүн жыйынтыгына карасак, саясатчы айымдар физикалык жана жыныстык зомбулукка көп дуушар болот экен ”,-деди коомдук саясий-ишмер Перизат Суранова.

Бул Кыргызстандагы саясатчы аялдар жөнүндө алгачкы изилдөө. Аны жүргүзгөн "Социалдык технологиялар агенттиги". Изилдөөгө депутат айымдар, коомдук жана жарандык активисттер катышкан.

Зомбулук башына түшкөн айымдар изилдөөчүлөргө өздөрү да маалымат беришкен. Ошондой эле кризистик борборлордун, ушул багытта иштеген адистердин дагы маалыматтары пайдаланылды.

“Айымдарыбыз өздөрүнүн көйгөйүн ачык айтып чыкканга даяр эместиги байкалууда. Андан сырткары, үй-бүлөнүн, коомдун кандайдыр бир деңгээлде психологиялык басымы болуп, мурдатан калыптанып калган стереотиптерге жана пикирлер үстөмдүк кылууда”,-дейт Перизат.

Жогорку Кеңешке экинчи жолу депутат болуп шайланган Эльвира Сурабалдиева жалпы журтка таанымал саясатчы болуп калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңешке экинчи жолу депутат болуп шайланган Эльвира Сурабалдиева жалпы журтка таанымал саясатчы болуп калды

Жогорку Кеңеште аялдарга караганда эркектер дайыма үстөмдүк кылып келатат. Керек болсо 2005-жылы парламентте бир да аял депутат болбогон учур да болгон.

Ошондуктан аялдарга өзүнчө квота бербесек болбойт деп катуу салгылашып жатып, шайлоо мыйзамына аялдарга 30% квота бекиген. Ошондон кийин парламентте аялдар көбөйүп калды. Бирок бул квота толук аткарылбай келатат.

Азыркы учурда Жогорку Кеңештеги депутаттардын 90 депутаттан 19 аялдар.

Кыргызстанда, байкоочулардын баамында, аялдар саясатта эркектерге караганда саны жагынан артта турган менен активдүүлүк жагынан кем калышпайт. Бул Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен айым саясатчылардан биринчи президент болгон Роза Отунбаеванын өлкөсү. Ошол эле учурда саясатта башкаларга жемин жедирбеген Эльвира Сурабалдиева, Клара Сооронкулова, Токтайым Үмөталиева сыяктуу көптөгөн таанымал ысымдар бар.

Ошол эле убакта саясатка жаңы киришкен айымдарга, албетте, оңой болбойт. Ар түрдүү жактан болгон басым-кысымды көтөрүп, саясий күрөштө бышууга туура келет. Буга жакында парламентке "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутат болуп келип, диплому жасалма экен деген негизде мандатынан ажыраган жаш саясатчы айым Орозайым Нарматованы мисал келтирсек болот. (КС)

Орозайым Нарматова

Сүрөттүн булагы, Social media