Казакстанда кармалган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаев ким?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Казакстанда кармалып, камалган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин иши чиеленишип баратат. Кыргыз тарап бизнесмендин кармалышы боюнча Казакстанга үч ирет нота жолдосо да, анын иши бир жаңсыл чечиле элек.
Эрмек Маркабаев деген ким? Ал кошуна өлкөдө эмне үчүн айыпталып, түрмөдө олтурат?

Сүрөттүн булагы, Nazarnews
Эрмек Маркабаев Алматы шаарында “Алтын Орда” базарынын директорунун орун басары болуп иштеп келген.
Оор беренелер жана бизнестеги кызыкчылыктар
Казакстандын ММКлары жергиликтүү полицияга таянып Маркабаев өзү, анын айдоочусу жана жансакчысы Алматы–Бишкек автожолунан 2-июнда кармалганын жазышкан.
3-июнда Казакстандын ИИМи Telegram каналында Маркабаев баңгизатты сатуу максатында мыйзамсыз алып жүргөн жана курал-жарак менен жардыргыч заттарды мыйзамсыз алган, сактап жүргөн деген мазмундагы айыптар коюлганы тууралуу маалымат чыккан.
Маркабаевдин адвокаты Максет Ибадуллаев ишкерди Алматынын Карасай районунун полициясы кармаганын, кармоо учурунда эле казак полициясы мыйзамга ылайык эмес иш жүргүзгөн деп айыптап жатат:
“Полиция Маркабаевдин кармалышы боюнча протокол толтурган эмес. Аны үч сааттан ашык полиция бөлүмүндө кармабаш керек эле. Бул тууралуу менин жүйөөмдү эске алып дежур прокурор аны бошотуу тууралуу токтом кылган”.

Сүрөттүн булагы, orda.kz
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ибадуллаевдин айтымында, токтом чыгарганы менен кезметте турган прокурор Маркабаевди сыртка чыгарып бербей, ал полиция имаратында дагы бир нече саатка кармалган. Бул убакыт аралыгында ишкерге моралдык жана психологиялык басым жасалганы айтылууда. Көп өтпөй жергиликтүү прокуратурадан кишилер келип, Маркабаевди бошотуу тууралуу токтомду жокко чыгарышкан. Адвокат Маркабаевди залог менен бошотуу тууралуу тергөөчү судьяга өтүнүч келтирип, бирок анысы да ишке ашкан эмес.
Маркабаевдин дагы бир адвокаты Нурлан Устемиров кыргызстандык ишкердин камалашы Казакстандын бизнес чөйрөсүндөгү айрым адамдарга керек болгону тууралуу шеги бар экенин айтып, басма сөз жыйынында ал тургай айрым казак чиновниктеринин атын да атаган.
Маркабаев Алматыдагы бизнесин бул өлкөнүн мурдагы бийлигинин тушунда тарттырып жибергени, былтыр сот аркылуу аны кайра кайтарып алган. Анын камалышы ушул жагдайга да байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылууда.
Айтор, кыргызстандык ишкердин ишинде экономикалык, саясий кызыкчылыктар чиеленишкени көрүнүп турат. Маркабаевдин иши азыр эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлде талкууланып жаткан чагы. Ал тургай эми анын кейси казак президентинин администрациясына жетти.
Үчүнчү нота
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жараны Алматыда кармалга ишкер жөнүндө 23-августта маалымат таратты.
ТИМдин кабарлашынча, коңшу өлкөдө кармалган ишкердин укугун коргоо боюнча иштер жүрүп жатат. Министрлик кылмыш ишин ар тараптуу иликтөө, эл аралык укуктук ченемдерин сактоону камсыз кылуу өтүнүчү менен Казакстандын тийиштүү органдарына 5 - жана 27-июнда нота жөнөткөн.
Алматыдагы генералдык кыргыз консулу Назарали Арипов Эрмек Маркабаевдин иши боюнча кечээ жакында дагы бир нота казак бийлигине жолдонгонун Би-Би-Сиге айтып берди:

Сүрөттүн булагы, Official
“Маркабаев 22-августта Карасай районунун прокурорунун ходатайствосу боюнча Талды-Корганга которулду. Булар бизге ушундай түшүндүрмө берди. Ошонун себебин түшүнүү үчүн кечээ дагы бир нота жибердик. 23-августта ал аялы менен телефондон сүйлөштү. Маркабаевдин иши баш консулдуктун толук көзөмөлүндө болуп жатат”.
Учурда кыргыз тарап эки тараптуу жана эл аралык келишимдердин негизинде Маркабаевдин укугун коргоо боюнча бардык иш-чараларды алып барып жатат. Мисалы, Арипов Казакстандын ТИМи аркылуу казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин администрациясына дагы бул тууралуу кат жолдонгонун айтты.
Эрмек Маркабаев ким?
Эрмек Маркабаев Кыргызстандагы иши ишкерлердин бири катары таанымал. Ал Бишкектеги “Сары-Өзөн-Дыйкан” базарынын жетекчиси экенин билишет.
“Биздин базардын башка базарлардан айырмасы эмне? Арзан. Биз дыйкандар менен сатып алуучулардын ортосундагы ортомчуларды болушунча азайтканга аракет кылабыз. Мен байып, акча табыштын эле эмес, мен үчүн хобби жана элге жардам бериштин жолу, мен андан ырахат алам. Биз тузүп берипжаткан шарттардан элге жакшы болсо, кандайдыр бир кубат алам”, -деген ал буга чейинки интервьюларынын биринде.
Айталы, ушул Бишкектеги “Сары-Өзөн-Дыйкан” базарынан жашылча-жемиш Алматыдагы Маркабаев иштетип жаткан “Алтын Орда” базарына ташылчу.

Сүрөттүн булагы, Kaktus
Эрмек Маркабаев бизнесте эле эмес, буга чейин саясатта да өзүн сынап көргөнү белгилүү. Алалы, 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ал “Кыргызстан” партиясынын талапкерлер тизмесине кирген.
Пандемия убагында өз чөнтөгүнөн саламаттык тармагына ИВЛдерди алып бергени тууралуу да маалыматтар бар.
Ишкер 44 жашта, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган. Үй-бүлөлүү.
Асылбек Дамирбек уулунун кейси
Буга чейин Казакстанда оор кылмыштарга шектелип кармалган Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Асылбек Дамирбек уулунун дагы кейси бар.
2018-жылы Алматы шаардык соту баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы атайын операциянын жүрүшүндө 29 адамды кармап, анын ичинде кыргызстандык депутат да болгон.
Асылбек Дамирбек уулу Казакстанда 10 жылга соттолуп, андан кийин жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанга алынып келинип, Жогорку соттун чечими менен 2020-жылы 21-августта түрмөдөн чыккан.
“Жогорку сотто мурдагы депутаттын жактоочусунун арызы канааттандырылды. Ага ылайык, Дамирбек Асылбек уулу Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Ал эми Жазык кодексинин 223-беренеси (“Экономикалык аткезчилик”) менен үч жылга эркинен ажыратылып, бирок Улуу Ата мекендик согуштун 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс колдонулуп, эркиндикке чыгарылды”, - деген эле Жогорку Сот анда.
Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулунун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өзүнчө каралганын айткан. Бирок эмне болгон жагдайлар экенин ачыкка чыгарган эмес.
Асылбек Дамирбек уулу да, Эрмек Маркабаев дагы “Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү.































