23-август. Жаңылыктар

Published

Путин качкындарды Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырууга каршылыгын билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин саясий партиялардын биринин өкүлдөрү менен жолугушуусунда, батыш өлкөлөрүнүн АКШ жана башка мамлекеттер үчүн афганистандык качкындарга виза маселеси чечилгенче аларды Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштыруу сунушун сынга алды.

Путиндин жүйөсүнө караганда, Орусия Борбор Азиянын айрым мамлекеттери менен чектешкендиктен качкындарды толук көзөмөлгө алуу түйшүк жаратат. Путин миңдеген чакырымга созулган чек араны көзөмөлдө кыйын болорун, балким, качкындардын саны миллионду чамалашы мүмкүндүгүн дагы кошумчалады.

Орусия президенти кайсы бир өлкөлөр качкындар үчүн виза маселесин талап кылып, ошол эле учурда аларды башка өлкөлөргө ээн-жайкын кире турсун дегендей аракет басмырлаганга тете деп белгиледи. (АК)

Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Афганистандан 2000ге чукул жаран Өзбекстан аркылуу эвакуацияланды

Соңку бир нече күндө Өзбекстан аркылуу 1982 жаран Афганистандан эвакуацияланды. Өзбек ТИМи билдиргендей, эвакуация болгон жарандарга карантиндик режимди сактоо менен бардык шарттар түзүлүп, багыт алган өлкөлөрүнө жөнөтүлүп жатат.

Андан сырткары, “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен чек араны мыйзамсыз басып өткөн афганистандык качкындар туурасында сүйлөшүүлөр жүрүп, алардын коопсуз шартта өз жерине кайтарылышы боюнча макулдашуулар болгон. Жыйынтыгында 150 ооган качкыны мекенине кайтарылган.

Афганистанга жеткирилген жарандардын айтуусунда, алар азыр өзүлөрүн коопсуз сезишет жана үй-бүлөлөрүнүн жанында экенин өзбек ТИМи белгилеген. (MD)

Өзбекстанда афган качкындары

Сүрөттүн булагы, gazeta.uz

Nord Stream 2 Украинага колдонулса, Орусияга кошумча санкциялар киргизилиши мүмкүн

Владимир Путин менен Ангела Меркел

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин менен Ангела Меркел

Германиянын канцлери Ангела Меркел Nord Stream 2 Украинага колдонулса, Орусияга кошумча санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин айтты.

Кызматтан кетээр алдында Киевге акыркы сапары менен келген Меркел айым Украинанын президенти Володимир Зеленскийге анын Nord Stream 2 ("Түндүк агым 2") долбоору боюнча тынчсыздануусун түшүнөрүн айтты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Зеленский Украинанын коопсуздугуна коркунуч туудурган газ түтүгүнүнө каршы.

Ал Балтика деңизинин түбүнөн өтөт жана Орусиянын газын Германияга экспорттоону эки эсе көбөйтөт.

Украина Орусия башкарган “Түндүк агым 2” газ түтүгү Москванын регионду кубат менен камсыздоосун кеңейтип, анын таасирин күчөтөт деп кооптонот.

Жекшемби күнү биргелешкен пресс -конференция учурунда Зеленский мырза бул долбоорду "бүтүндөй Европа үчүн коркунучтуу" "Кремлдин геосаясий куралы" катары сыпаттады.

Бирок 16 жылдна кийин күзүндө Германиянын канцлеринин кызматынан кетип жаткан Меркел айым, Берлин Вашингтон менен “Түндүк Агым 2” Украинага каршы колдонулбашы керек деп макулдашканын белгиледи.

Анын айтымында, эгерде газ "курал катары колдонулса", Германия менен АКШнын ортосундагы келишим боюнча Москвага каршы санкциялар колдонулушу мүмкүн.

Зеленский үч жылдан кийин Украинанын газ түтүктөрү аркылуу орус газын жеткирүү келишими аяктагандан кийинки абалга тынчсызданып жатканын айтты. Миллиарддаган доллардык транзиттик төлөмдөн айрылуу Украинанын экономикасына оор сокку урат.

Жума күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Меркел айым, Украинанын кайра жаңылануучу кубат секторун кеңейтүүгө жардам берүү үчүн бир миллиард доллардан ашык каражат берүүнү убада кылды.

Россия ЕБ газынын 40% га жакынын камсыздайт - бул Евробиримдикке кирбеген, бирок анын бирдиктүү базарына катышкан Норвегиянын үлүшүнөн алда канча көп. Жаңы түтүк Балтиканын түбү менен өтчү газдын көлөмүн жылына 55 миллиард куб метрге чейин жеткирет.

Меркел айым Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттерин газ кууру Германияны Орусияга энергияга көз каранды кылбайт деп ишендирүүгө аракет кылды. (ChS)