Израилдин аба чабуулунан Газада кеминде кырк киши набыт болду

Ракета тийген жерлерде үйдөй чуңкур пайда болгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ракета тийген жерлерде үйдөй чуңкур пайда болгон
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

ХАМАС башкарган Жарандык коргоо башкармалыгы Израилдин Газанын түштүгүнө урган аба соккусунан кеминде 40 адам набыт болгонун билдирди.

Шейшемби күнү таңга маал Израил күчтөрү Хан-Юнистеги жер которгон адамдардын чатырлары жайгашкан Аль-Маваси лагерине чабуул жасаган.

Кол салуудан 60тан ашык адам жаракат алган. Каза болгондордун арасында балдар жана аялдар бар. Курмандыктар менен жарадарлардын саны дагы өсүшү мүмкүн.

Ансыз да өлбөстүн күнүн көрүп жаткан качкындарга дагы бир мүшкүл түштү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ансыз да өлбөстүн күнүн көрүп жаткан качкындарга дагы бир мүшкүл түштү

Израил армиясы алардын аскердик учактары Хан Юнистеги ХАМАС согушкерлеринин операциялык борборун бутага алганын айтууда.

Алар сокку урулганга чейин карапайым жарандарга зыян келүү коркунучун алдын алуу үчүн чаралар көрүлгөн деп ишендирип жатат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Аль-Мавасиде жер которгон адамдардын чатырларына үч жолу чабуул жасалган. Ракета тийген жерлер 7-8 метрге чейин оюлуп кеткен.

Чаң асманын сапырган чабуулдан кийинки куткаруу иштери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чаң асманын сапырган чабуулдан кийинки куткаруу иштери

Аль-Маваси Хан-Юнистин батышындагы калк көп жашаган аймак.

Израил өткөн жылдын октябрь айында аскерий өнөктүгүн баштагандан кийин жүз миңдеген палестиналыктар аман калуунун айласын издеп Хан Юниске качкан.

ХАМАС башкарган саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Израилдин чабуулунан Газада былтыртан бери 41 миңге жакын адам набыт болду.

Бул согуш былтыр 7-октябрда ХАМАС Израилге кол салып, 253 кишини барымтага алган күндөн бери токтобой келет. Ал күнү куралчан топтун чабуулунан 1200дөй киши каза таапкан.

БУУ буга чейин да Израилди айыптаган эле

Жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш Израилди Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жүргүзүп жаткан аскердик операцияларын тезинен токтотууну талап кылган.

Гутерреш Жакынкы Чыгыштагы ансыз да чыңалуунун күчөп жатканына токтолуп, Израилдин операциясы аймактагы абалды ого бетер курчутуп жатканын жүйө келтирген.

Кабарларга караганда, израилдик аскерлер Тубастын жанындагы аль-Фара качкындар лагеринде Палестинанын Кызыл Жарым Ай коомуна таандык медициналык борборго кирип, кызматкерлерге катаал мамиле жасаган.

Медициналык борбордун айтымында, израил аскерлерлери мекеменин директорун сабап, имараттын ичинде ок чыгарышкан.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси Израилдин аракеттерин кескин айыптап, алар эл аралык мыйзамдарды бузуу менен операция жүргүзүп жатканын билдирген эле.