Накен Касиев: "Үч жашар баланы ушунча врач карап туруп колдон чыгарып жибергени чоң трагедия".

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Бишкекте балдар ооруканасындагы беш дарыгердин камалышы жаңы жыл алдындагы урунттуу окуя болуп калды. Медициналык профсоюз жана коомчулук тарабынан курч реакция болгондон кийин сот дарыгерлерди үй камагына чыгарды. Бул окуядан улам билип-билбей каталык кетирген дарыгерлерди соттоп, түрмөгө салуу канчалык туура деген талаш-талкуу жанданды. Би-Би-Си бул суроону өз кезегинде мурдагы саламаттык сактоо министри, саламаттык сактоонун ардагерлер ассоциациясынын төрагасы Накен Касиевге жолдодук.

Накен Касиев

Н. Касиев: Биз окууну бүтүп атканда Гиппократтын антын беребиз ар бир адамга жакшылык кылуу, зыян келтирбөө жөнүндө. Жалпы медициналык коомчулуктун ою боюнча, эгер дарыгер кайдыгер болуп, оорулууну карабай койсо же оорулууга чакырганда  барбай койсо, муну кайдыгерлик же шалаакылык дейт, буга өзүнчө жоопкерчилик бар. Мындай учурда врач юридикалык жактан дагы, административдик жактан дагы жооп бериши керек.

Андан сырткары биздин кесипте башка дагы кемчиликтер болбой койбойт. Бул эмнеден болот? Биринчиден кесипкөйлүктүн төмөндүгүнөн, экинчиден ооруда ар кандай кырдаал болот. Мына жакында жаш баланын өлүмү баарыбызды ойго салды, ак халатчандардан дагы алты адам жоопко тартуу боюнча иштер козголуп атат. Бул трагедия, бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы болсо, үч жашар баланы ушунча врачтар карап туруп колдон чыгарып жибергени бул чоң трагедия.

Бирок бул жерде шалаакылык, кайдыгерлик болгон эмес. Бул жерде кесиптик жагынан мүчүлүштүктөр болуп калган. Үчүнчү ооруканада да жаткан, андан кийин балдардын республикалык ооруканасында да жаткан. Бирок баланын канынан чыккан канттын жогорку деңгээлин көрүп туруп, врачтар ошол жол менен кетип калган. Бул врачтардын кесиптик катасы, кемчилиги. Ошондуктан бул боюнча өзүнчө административдик түрдө жооп бериш керек.

Ал эми юридикалык жагына келсек, азыр комиссия текшерип атыптыр, баланын эмнеден каза болгон жөнүндө соттук медициналык экспертизанын корутундусу чыгат, ошондон кийин анан жоопкерчилик каралат.

Медицина кызматкерлери биз бычактын мизиндей болгон кесиптебиз. Айрыкча хирургдардыкы. Хирургдар бала эмес чоң кишиден деле кээде кемчиликтерди кетирип койгон учурлар болот. Кээде наркоздон чыкпай калат, кээ бир убакта операция татаалдашып кетип, оорулуу өлүп калган учурлар болот. Ошондуктан бул өтө татаал кесип, буга өзүнчө көз караш менен караш керек.

Бул окуяга келсек, мына үч врач көргөн экен, андан кийин дагы үч врач көрүптүр. Булар кесиптик жагынан мүчүлүштүк кетирип, жаңылышкан.

Би-Би-Си: Билип-билбей оорулууга зыян келтирген күнөөсү үчүн түрмөгө камалып кеткен дарыгерлерди коомчулук уккан деле эмес, көбүнчө жарандык деңгээлде мындай иштер бүткөрүлүп жүргөнүн билебиз. Сиздин практика, жалпы эле алдыңкы өлкөлөрдүн практикасы бул жерде кандай туура жолду көрсөтүп турат.

Н. Касиев: Бул эми жарандык тартипте адамдардын мамилесине жараша болот. Тилекке каршы, өлгөн адамды кайтарып келишке болбойт экен. Эгер ошону эки жак тең терең түшүнсө, врачтардын кесибинин татаалдыгын да эске алып, макулдашууга келүү практикада болуп келатат. Бирок юридикалык жактан бир бетке туруп алса, анда ал жагы сөзсүз каралат.

Операция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Дарыгерлер камалып чыккан окуядан кийин кесибин таштаган врачтар көбөйөт деп медициналык профсоюз билдирүү таратты. Мындай олуттуу кооптонууга негиз барбы?

Н. Касиев: Бул эми чынында өтө кооптуу маселе. Алты врач жоопко тартылып жатат. Коомдо дагы психологиялык жагынан чыңалган ойлор, пикирлер чыгууда. Ошондуктан кээ бир врачтар өзүнүн жоопкерчилигинен коркуп, өз убагында медициналык жардам көрсөтүүдөн качып, ушундай бир топ терс таасири тийиши мүмкүн.

Экинчи четинен ойлойм, бул сабак болуп калыш керек дарыгерлерге. Азыр Интернет деген бар, азыр далилдүү медицина деген өзүнчө бир чоң ыкмалар бар.

Жети өлчөп, бир кес деген жакшы сөз бар кыргызда. Айрыкча балдарга келгенде алар чоң кишидей кай жери ооруп атканын жакшы айтып бере албайт. Кээ бир убакта балдар кичине ичип ооруп калса, биртикеден кийин басылып калса ойноп жүрө берет. Ошонун баарын эске алып, айрыкча балдардын хирургдарына, жалпы хирургияга бул чоң сабак болуп калышы керек.

Ушундан кийин врачтар кетип калат деген ойдон алысмын, бул сабак болуп калыш керек. Мына биздин Саламаттык сактоо министрлигинде дарыгерлерди даярдоо борбору бар, дарыгерлердин кесиптик деңгээлин өз убагында көтөрүп, убагында аттестациядан өткөрүп туруш керек. Башка жол жок.